Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Өкмөт башчы сырттан көмүр ташып келүү боюнча айрым жетекчилерди сындады


Кубатбек Боронов. Бишкек Жылуулук электр борборунда.
Кубатбек Боронов. Бишкек Жылуулук электр борборунда.

28-августта премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышуу учурунда сырттан көмүр ташып келүү иштериндеги кемчиликтер үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүп, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечишибиз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу», - деди премьер-министр.

«Улутттук энергохолдинг» компаниясынын маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБине жылына бир млн. 110 миң тонна көмүр керектелет. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи импорт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, учурда Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүүдө, ал эми импорт отуну боюнча тендер өтүп жатат.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого Кытай берген 386 миллион доллар насыяны пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.​

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 111 миллион 252 миң доллар деп эсептелип, бир нече жогорку кызмат адамдары соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG