Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Боронов: бир айдан кийин жылытуу мезгилине даяр болуш керек


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Боронов быйыл күз-кыш мезгилдерине эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярданыш керек экенин, ал үчүн каралган 2,9 млрд. сомдун жарымы бөлүнгөнүн айтты.

«Электр энергиясын керектөө белгиленген лимитинен ашпоого тийиш. Электр энергиясын колдонгон ири ишканалар энергияны кошумча булактан алуу маселесин карап чыгышы зарыл», - деди премьер-министр.

Боронов бардык медициналык мекемелер электр энергиясынын альтернативалуу булактары менен камсыздалышы керек экенин, аларды көмүр жана мазут менен камсыздоо зарыл болорун кошумчалады.

Калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча август айынын соңуна чейин бардык тендерлерди өткөрүү, өлкө боюнча отун базаларын ачуу тапшырылды.

«Электр станциялары» ишканасынын акыркы тараткан маалыматына караганда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд. 438,35 млн. куб метрди түзүүдө. Бул былтыркы жылдын ушул убактысына караганда эки млрд. куб метрге аз деп саналууда. (BTо)

XS
SM
MD
LG