Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Кара-Кеченин жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү


Кара-Кече көмүр кени. 2019-жыл.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинин таш түшкөн жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 26-августта билдирди. Мекеме он күн ичинде Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курула турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Кыргызкөмүр» ишканасынын, Жумгал районунун жетекчилери кирип, Кара-Кечеде иштеп жатышат.

Жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү боюнча иш планы түзүлдү. Ага ылайык, он күн ичинде убактылуу жол курулат деген план бар.

17-августта Кара-Кече көмүр кенине барган жолго таш жана электр устундары кулап, тосулуп калган. Азыр көмүр ташуу токтоп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG