Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

БУУ Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы окуялар, 9-октябрь 2020-жыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы окуялар, 9-октябрь 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөштү. Отунбаева “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, “Гуттериш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды чукулдан билип, өзүнүн кыргызстандыктарга болгон колдоосун көрсөткүсү келгенин айтты”,- деди. Баш катчы буга чейин БУУ кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирген.

Отунбаева БУУнун Баш катчылыгынын алдындагы медиациялык топтун мүчөсү. Бул топко дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн лидерлер мүчө.

8-октябрда БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонния Ожиело Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен жолуккан эле.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссариаты Кыргызстандагы шайлоодон кийинки кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Мындай маалымат 9-октябрда комиссариаттын “Твиттердеги” барагына жарыяланды. Анда уюм өлкөдө зомбулук же этностор аралык кагылышуу тутанып кетүү коркунучуна камтамачылыгын билдирген.

“Биз бардык тараптарды зомбулукка барбоого, козутуучу билдирүүлөрдү таратпоого жана адам укуктарын сыйлоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында 5-октябрда парламенттик шайлооонун жыйынтыгына каршы акциялар митингчилердин Ак үйгө кирип барышы менен аяктаган. Андан бери өлкөдө кырдаал тынчыбай жатат.

9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митинг кагылышуу менен коштолуп, анда бир нече адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG