Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганы кабарланууда


Ала Тоо аянтындагы кагылышта Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганын “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү айтып жатышат. Маалыматка ылайык, Токтогазиев башынан жаракат алып, Улуттук Госпиталга жеткирилди. Ал эмнеден жаракат алганы азырынча белгисиз. Интернетке эс-учун жоготкон Токтогазиевди бир нече адам көтөрүп бара жаткан видеотасма тароодо.

Бүгүн Атамбаевдин тарапкерлери алгач «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга Бабанов тарапкерлери менен келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен. Аларга «Республика» партиясынын тарапкерлери жана Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанындагы акцияга чыккан уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттер келип кошулган.

Акция жүрүп жаткан кезде аянтка белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан. Ал жердеги айрым журналисттер аянтка Садыр Жапаровдун тарапкерлери келгенин айтышууда. Митингчилер тарап жатышат.

Ички иштер министрлиги борбордук аянттагы башаламандыктарга комментарий бере элек. 6-октябрдан бери Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG