Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ала-Тоо аянтында Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алганы кабарланды


Ала-Тоо аянтындагы кагылышта мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Мындай маалыматты мурдагы премьердин айланасындагы адамдар ырасташты. Маалыматка ылайык, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди. Анын эмнеден жаракат алганы белгисиз.

Буга чейин Интернетте жаракат алып, эс-учу жок жаткан адамды бир нече адам тегеректеп, агрессивдүү түрдө башка саясатчылардын атын атап, коркутуп жаткан видео тараган.

Борбордук аянттагы кагылыш учурунда активист Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганы белгилүү болгон. Ал Улуттук госпиталга жеткирилди.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери алгач «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга экс-премьер Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен. Аларга «Республика» партиясынын тарапкерлери жана Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанындагы акцияга чыккан уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттер келип кошулган. Бул митингге Темир Сариев да катышып жаткан эле.

Акция жүрүп жаткан кезде аянтка белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан. Ал жердеги айрым журналисттер аянтка Садыр Жапаровдун тарапкерлери келгенин айтышууда. Митингчилер тарап жатышат.

Ички иштер министрлиги борбордук аянттагы башаламандыктарга комментарий бере элек. 6-октябрдан бери Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG