Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Ала-Тоо аянтындагы митингде ок атылды


Ала-Тоо аянты.
Ала-Тоо аянты.

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Ок атылганын жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты.

Орусиянын «Интерфакс» агенттиги аянттагы күбөлөргө таянып, белгисиз адамдар Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев отурган автоунааны аткылаганын жазды.

Бүгүн Атамбаевдин тарапкерлери алгач «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга Бабанов келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен. Аларга «Республика» партиясынын тарапкерлери жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанындагы акцияга чыккан жаш активисттер келип кошулган.

Аянттан анча алыс эмес Өкмөт Үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүп жатышкан.

XS
SM
MD
LG