Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды


Кезексиз жыйын "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө. 2020-жылдын 10-октябры.
Кезексиз жыйын "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө. 2020-жылдын 10-октябры.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына жалпысынан 63 депутат катышууда, алардын ону ишеним кат жазып беришкен. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, кворум бар экенин жарыялады.

Абдылдаев өкмөт отставкага кеткенин, 6-октябрдагы жыйын мыйзамдуу болгонун, бүгүнкү жыйында өкмөттүн программасы, структурасы жана курамы караларын айтты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен.

6-октябрда "Достук" мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG