Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Отунбаева, Эркебаев баштаган коомдук ишмерлер медиацияга даяр


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева, экс-спикер Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмерлер Орозбек Муратов, Кемел Ашыралиев, Гүлнара Искакова, Данияр Иманалиев, Эмил Жураев, Кеңешбек Сайназаров ж.б. бир нече ишмерлер өлкөдөгү саясий кризисти токтотуш үчүн орток кайрылуу таратышты. Кайрылуу 10 пункттан турат.

Алар азыркы тапта премьер-министрлик кызматты талашууну токтотуп, бул маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырышты.

«Кандайдыр бир күчтөрдүн басымы алдында эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чегинде добуш бериши керек. Күч колдонгон айрым саясатчылар өкмөттүн башына келип, алдыда боло турган кайра шайлоодо административдик ресурсту өз колуна алгысы келип жатат. Буга жол бербеш керек. Бийликке умтулгандар аябай көп, бирок өлкөдөгү жалгыз мыйзамдуу бийлик – Жогорку Кеңеш менен президент бойдон калууда. Муну ар бир атуул өз коопсуздугу үчүн маанилүү чындык катары кабыл алышы керек.

Биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн сакташ керек. Президент өз ыйгарым укугунун чегинде УКМКнын башына кылмыш дүйнөсү менен байланышы жок, бардык партияларга кадыр баркы салмактуу адамды коюшу керек. Шайлоону тез арада, шашып өткөрүү туура эмес.

Азыркы тапта бир да партия эл арасында күчтүү ишенимге ээ эмес. Андыктан ар түрдүү күчтөрдү мыйзам чегинде иш алып барууга чакырабыз. Биз тараптар менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө жана түзүлгөн көйгөйдөн тынчтык жолу менен чыгууга болгон жардамыбызды аябайбыз», деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң башталган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Андан бери президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен эл алдына чыга элек. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жатат. 10-ноябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.

Ушу тапта Бишкекте парламенттин бир катар депутаттары премьер-министрликке көрсөтүлгөнү айтылган Садыр Жапаровдун колдоочуларынын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин митингдери өтүп жатат. Ошондой эле Бишкектеги темир жол вокзалынынын имаратынын алдында жаш активисттер криминалга каршы жүрүш уюштуруп жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG