Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Отунбаева: Президент кырдаалдын алдын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалдын алдын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калганын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Президент элге чыгып сүйлөшү керек эле. Бир күн бою митинг болду. Кечээги күндү бийлик жөн эле өткөрүп жиберди. Өкмөттөн бирөө да митингчилер менен сүйлөшүүгө басып барбай койду. Кечкисин желим октор менен таркатууга аракет кылды. Ушунун баары мурда болгон эле да. Муну президент билип, алдын алып, митингчилердин талабын укса болмок. Шайлоо мыйзамсыз өтсө моюнга алышы зарыл эле", - деди экс-президент.

5 -октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Түнкү окуялардан бир адам каза болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алды. (BCh)

XS
SM
MD
LG