Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Жапаров: Жээнбеков өз арызы менен кетсе "экс-президент" деген макамы калат (видео)


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматынан баш тарткан соң "экс-президент" деген макамын сактап калат. Бул тууралуу 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эгер мыйзам бузууга барганы аныкталбаса, Жээнбековго эч кандай куугунтук уюштурулбайт.

Жапаров ошондой эле ишембиде Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн жана ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө макул болгонун билдирди.

"Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматтан кетсе экс-президент деген макамы сакталып калат. Эгер импичмент менен кетсе кылмыш иши козголмок", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле кийинки президенттик шайлоого катышуу боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин кошумчалады.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйын жүрүшүндө парламент спикери катары жарыяланган Мыктыбек Абдылдаев кызматын тапшырганын билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Эгер мындай жараян ишке ашса, парламент спикер жоктугуна байланыштуу премьер-министр өлкө башчысынын милдетин аткарышы керек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен "бийликти басып алуу аракети" катары баалаган.

XS
SM
MD
LG