Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

Садыр Жапаров кризистен чыгуу багыттарын белгиледи


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Жогорку Кеңеш 10-октябрда премьер-министрликке бекиткен Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан бул кайрылууда:

“Баарыңарга мамлекеттеги эң жооптуу кызматты мага ишенгениңер үчүн терең ыраазычылык билдирип, бардык жоопкерчиликти мойнума алганымды билдирем. Ишенимиңерди актап, өлкөбүздү өнүккөн, заманбап, демократиялык өлкөгө айлантуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм", - деп айтылат.

Жапаров ошондой эле коомдогу прогрессивдүү күчтөр биригип, өлкөнү кризистен чыгаруу мезгили келгенин билдирип, өзүнүн программасынын 10 багытын белгилеген:

"Алар: Өлкөдөгү абалды турукташтыруу, орто, чакан ишкердиктеги инвесторлордун ишин жеңилдетүү, ишкерликти жүргүзүүнүн оңой жолдорун иштеп чыгуу, социалдык жөлөк пулдар, айлык, пенсияны убагында берүүнү камсыздоо, коррупциялык ишке байланышы бар бардык аткаминерлерди жоопко тартуу, электр энергиясын үнөмдөө аркылуу жылуулук сезонуна даярдык, “Күчтүү кадрлар – күчтүү өлкө” деген саясат менен кадр тандоону таза өткөрүү, бюджетти толтуруу үчүн Жерүй, Кумтөр боюнча эл аралык келишимдерди карап чыгуу, чек аранын делимитациясы жана демаркациясы".

Жапаров жаңы эрежелер менен, таза, так иштегенге аракет кыларын, "жаштарды коомун бардык катмарына тартарын" да белгилеген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров кворум бар экенин жана баары мыйзам чегинде өтүп жатканын билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышын мыйзамсыз деп санаган бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Эгер мындай жараян ишке ашса, парламент спикер жоктугуна байланыштуу премьер-министр өлкө башчысынын милдетин аткарышы керек. (BCh)

XS
SM
MD
LG