Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ички иштер министри кызматына отургузду


Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ИИМге тааныштырган учуру. Сүрөт Ички иштер министрлигине таандык. mvd.kg сайтына жарыяланды. 11-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ИИМге тааныштырган учуру. Сүрөт Ички иштер министрлигине таандык. mvd.kg сайтына жарыяланды. 11-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров 11-октябрда Улан Ниязбековду ички иштер министри катары жамаатка тааныштырды. Иш-чарага ИИМдин башкы башкармалыгынын жана кызматтарынын башчылары катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Улан Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экенин айткан.

Улан Ниязбеков ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча Ниязбеков Улан Омоканович 1975-жылы туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кесиби - юрист.

Күч структураларында кызматы 1998-жылдан башталып, Аламүдүн жана Ысык Ата райондорунун Финансы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас дубандарында Финансы полициясынын бөлүм башчысы болгон. 2008-жылдан тартып Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында иштеген. 2010-жылы министрдин жардамчысы, 2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы болгон. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Башкы прокуратура 2012-жылы Улан Ниязбековдун ИИМдин Каржы-чарба бөлүмүн башкарып турганда жүк ташуучу автоунааларды сатып жиберген деген негиздеги ишин карап, мыйзам бузуулар табылбаганын кабарлаган. Ал 2014-жылы кызматынан кеткен. 2015-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы премьер-министрлик кызматка 10-октябрда шайлаган Садыр Жапаров ошол эле күнү ички иштер министри кызматына Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарган.

Жапаровдун колу коюлган буйрук социалдык тармактарга тарады. Маалыматты “Мекенчил” партиясынын коомдук-саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” ырастаган болчу.

6-октябрь күнкү башаламандыкта абактан чыккан Садыр Жапаров 10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан премьер-министрлик кызматка шайлангандан кийин өкмөттүн курамын өзгөртпөй турганын билдирген.

Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка эми президент жарлыгы меенен бекитиши керек.

Садыр Жапаров 10-октябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өзү мыйзамдуу түрдө бекисе, президент кызматтан кетерин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG