Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Өзгөчө абалдын талабы боюнча Бишкекти курчай блок-посттор коюлду


Ак үй. Бишкек. 10-октябрь, 2020-жыл.
Ак үй. Бишкек. 10-октябрь, 2020-жыл.

Башкы штабдын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагына киргизилген Өзгөчө абалдын талабына ылайык шаарды курчай блок-посттор коюлду.

Блок-посттор: Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине, Чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдрахманов, Осмонкул, Алматы, Калинин, Жибек Жолу проспектилер менен кесилиштерине, Ауэзов жана Анкара, 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлду.

Мындан тышкары Бишкекке сырттан кирүүчү Пригорондный айылынын Фучик көчөсүнө, Чоң-Арык, Орок жана Селекция айылдарына блок-посттор орнотулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Жарлыкка ылайык, кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендатура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды.

Коменданттын буйругу боюнча, 10-октябрдан 21-октябрга чейин түнкүсүн шаар аймагына коменданттык убакыт киргизилет. Ал саат 21:00ден тартып, таңкы саат 5:00ке чейин болот. Бул аралыкта автоунаалардын, коомдук транспорттун, жөө адамдардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга саат 18:00дан күндүзгү 9:00га чейин уруксат берилбейт. Борбор калаа аймагында күндүз дагы митинг, жүрүш, пикет жана башка спорттук, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG