Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Башкы прокуратура 6-октябрда абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерге талап койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга эскертүү берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан пайдаланышканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 10-октябрда тараткан билдирүүдө алар судьяларды жана абак администрациясын “ур-токмокко алабыз, өлтүрөбүз” деп коркутуп, жазасын аткарып жаткан жайлардан мыйзамсыз түрдө чыгып кетишкенин маалымдады. Алардын иштери сот органдарында жана тергөө топторунда каралып жатканын кошумчалады.

Ошону менен катар башкы көзөмөл органы абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары каралганын эскертти. 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн белгиледи.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар абактан чыгышкан. Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда премьер-министр болгон Садыр Жапаров да бар болчу. Жапаровдун жактоочулары анын бошонуусу мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Атамбаев жана анын тарапкерлери 10-октябрда кайра камалышты. (RK)

XS
SM
MD
LG