Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

«Журналисттер өзгөчө абалда эркин иштеши зарыл»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Freedom House» уюму коронавирус пандемиясынын убагында демократиялык баалуулуктардын сакталышына көз салган изилдөөлөрдү баштады.

Аталган уюм дүйнөдө пандемия тараган шартта демократия жана адам укуктары жаатында жаңы чакырыктарга туш болуп, сөз эркиндигин чектөө коркунучу жаралганын белгилеп жатат.

Бул тармакта Борбор Азиядагы, Кыргызстандагы абал боюнча «Freedom House» уюмунун атайын изилдөө долбоорунун директору Нэйт Шенкан «Азаттык» менен маектешти.

- Коронавирус пандемиясынын убагында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү демократиянын, сөз эркиндигинин сакталышы боюнча абалга көз салып жатасыңарбы? Акыркы абалды кандай деп баалайсыңар?

Нэйт Шенкан.
Нэйт Шенкан.

- Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө бийлик коронавируска каршы чукул чара көрүп жатканы түшүнүктүү. Бирок бул чаралар дискриминациялык жана зыяндуу мүнөздө болуп, кризис учурунда жана андай кийин уланабы деген олуттуу кооптонуу бар. Ошондуктан эки жума мурун кризис учурунда жарандык жана саясий укуктарды сактоо боюнча адам укуктарынын эл аралык нормаларына негизделген принциптерди иштеп чыгып, көз салып жатабыз.

- Пандемия шартында Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндигинин башкы маселелери эмнелер?

- Борбор Азияда сөз эркиндигине карата коркунуч өзгөчө абал режими жарыяланганга чейин олуттуу болчу. Тилекке каршы, бул тенденция өзгөчө абал шартында да уланып жатканын байкадык. Бир канча жылдан бери бул багытагы кырдаал чөлкөмдөгү башка төрт өлкөгө караганда Кыргызстанда жакшыраак. Бирок буга карабай абдан орчундуу маселелер бар. Пандемия боюнча жалган маалымат бергендерди «кылмыш жоопкерчилигине тартабыз» деп коркутуу өзүн актабаган жана пайдасыз чара деп эсептейбиз.

- Коронавирустан улам Кыргызстандын, Казакстандын бир топ аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди. Мындай учурда Кыргызстандагы журналисттердин иштешине уруксат берилбей жатат. Бул кырдаалды сөз эркиндигине басым катары кабыл алууга болобу?

- Ооба. Өзгөчө абал шартында да журналисттер өз ишин толук аткарышы керек. Анда расмий булактардын маалыматын гана колдонбой, өздөрү тактап, табышы зарыл.

Коомдук саламаттык сактоо тармагында өзгөчө абал жарыяланган учурда журналисттердин репортаждары, маалыматтары көйгөйдү тезинен аңдап-билип, ага реакция кылуудагы башкы элементтердин бири болуп саналат. Ошондой эле бул бийлик өзүнүн аткарган иши боюнча жоопкерчиликти сезиши үчүн маанилүү.

Кризис учурунда ачык-айкындуулук абдан маанилүү фактор болуп эсептелет. Ал эми эркин журналистика - биз айтып жаткан ачык-айкындуулуктун ажырагыс бөлүгү.

- Пандемия учурундагы журналисттерге жана маалымат каражаттарына кандай кеңештерди бере аласыз?

- Жарандык коом жана демократиячыл активисттер өздөрү колунан келген эң жакшы ишти аткарышы керек. Тактап айтканда, бийликти жоопкерчиликке чакырып, калктын аялуу катмарына жардам берип, ачык-айкындыкты камсыз кылуу аркылуу өкмөттүн бийликти ашыкча колдонбошуна көмөктөшүүгө тийиш.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG