Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

ИИМ Интернетке көз сала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернеттеги, социалдык тармактардагы аракеттерине мониторинг жүргүзүп жатат.

Мониторинг радикал уюмдардын чагымчыл жана бөлүп-жаруу аракеттерине, ошондой эле экстремизм менен терроризмди жайылткандарга бөгөт коюу максатын көздөйт.

Министрликтин бул аракетин Интернет колдонуучулардын укуктарын чектөө катары сындагандар, "жалган жалаага кирептер кылбасын" деп кооптонгондор да чыгууда.

Ички иштер министрлиги Интернет айдыңында жүргүзүлүп жаткан мониторингди Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар менен радикал топторго каршы күрөш менен байланыштырууда. Бул тууралуу министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев билдирди:

- Учурда радикал топтордун көпчүлүгү Интернетте отурушат. Ошондуктан мониторинг жүргүзүп жатабыз. Алар Интернет аркылуу ар кандай азгыруу иштерин жүргүзүшөт. Андан сырткары алар элди бөлүп-жаруу, чагымчыл маалыматтарды таратуу менен коомдогу саясий абалды курчутуу максатын көздөйт. Ушулардын алдын алуу үчүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматта киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү бөлүмү иштеп жатат. Мониторингди ушул бөлүм жүргүзөт. Айрым "жарма патриоттор" Интернетте Кытайдагы лагерь маселесин колдонуп коомдук-саясий кырдаалды курчутуу аракетин кылып жатышат. Өзгөчө ислам динине ишенгендерге “мусулмандарды өлтүрүп жатат” деген чакырыктарды таштап, үгүттөп жатышат.

Бакиев белгилегендей сайттардын көбү "Хизб-ут Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу Кыргызстанда тыюу салынган террордук топторго тиешелүү. “Фейсбукта” "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнүн фейк аккаунттары көп.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрага орун басары Марат Иманкуловдун айтымында, радикалдар үчүн Интернет маалымат алмашуунун эң ыңгайлуу жана маанилүү платформасы.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Экстремисттик, террористтик сайттар аркылуу жаштарды, билими төмөн адамдарды тартып алып жатышат, - дейт ал. - Менин иш тажрыйбамда Интернет аркылуу ар кандай маалыматтарды окуп алып экстремисттик, террористтик уюмдарга кирип кеткендер болгон. Алар сайттар аркылуу телефон номурлары менен алмашышат.

УКМКнын былтыр декабрь айынын башында берген маалыматы боюнча Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик материалдарды тараткан 24 интернет-сайт, “Фейсбукта” беш, “Твиттерде” 27 жана “Ютубда” 19 медиа канал жабылган. Булар боюнча баш-аягы соттун сегиз чечими чыккан.

Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) экстремисттик, террористтик деп саналган 57 сайтты, социалдык тармактардагы 21 аккаунтту жапкан. Анын ичинен 11и “Одноклассники”, 10у “Фейсбук” социалдык түйүнүнөн жабылган.

Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремизм” жана “Терроризм” беренелери менен айыпталгандарга жактоочу болуп жүргөн адвокат Акин Токталиев “көпчүлүк жарандар жалган жалаа менен эле соттолуп жатат” деп күч органдарын айыптады:

Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

- Мамлекет аша чаап эле экстремизмге айыптап жарандарды камап жатышат. Соттор 1700дөн ашык кишини мыйзамсыз соттоп жиберишкен. Менин баамымда, булар чет мамлекеттерден “экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө” деп грант алышат. Алар грантты жеп алып, аны кайра акташ үчүн бирөө “халифат” деп сүйлөп койсо же бир китеп алып койсо эле “экстремист” деп эле камап атышат. Бирок мамлекетте адамдын экстремист экенин баалай турган бир да адис жок. Болгону Дин комиссиясы адамдын айткан сөзү экстремизмге жатабы же жокпу деп корутунду чыгарып берип коёт экен. Алар муну түшүнүк менен гана чыгарышат. Мисалы, кайсы мыйзам бузулганын билбей эле “Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келет” деп жазып берип коюшат. Адамдар ошонун негизинде эле соттолуп жатат.

Күч түзүмдөрү Кыргызстанда тыюу салынган террордук топторго тиешелүү сайттардын баарын эле жабууга чамасы жетпей турганын моюнга алышат. Алар муну техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендиги, анын үстүнө сайттардын айрымдары чет жактан иштетилип жатканы менен байланыштырып жатышат.

Теолог, дин иштери боюнча эксперт Улан Усупов экстремисттик, террористтик уюмдарды күч менен жабуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Мамлекет көрүп жаткан чаралар купулга толбойт, жетиштүү эмес, - дейт ал. - Бийлик бул багытта күчкө салуу менен эмес, сөздүн күчү менен күрөшүш керек. Жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, альтернативдүү нерселерди сунуш кылуу зарыл. Азыр чагымчылдыкка үндөгөн сайттар көп болуп жатат. “Экстремисттик, террористтик” деп табылган сайттар сөзсүз жабылышы керек. Бирок аларды жабуу менен маселе чечилип калбайт. Пикирге каршы пикир менен гана каршы турса болот.

Айрым медиа эксперттер менен укук коргоочулар ИИМдин Интернетте жүргүзүп жаткан мониторингин социалдык тармактарды чектөө аракети катары да сыпаттап жатышат. Жогорку Кеңеште маал-маалы менен өлкөдө социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө тууралуу сунуштар да айтылган учурлар болот.

Былтыр “Freedom House” эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээли боюнча акыркы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, “Интернети жарым-жартылай эркин” мамлекеттердин катарына кирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG