Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Калича Умуралиева УКМКда төрт саат сурак берип чыкты


Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө төрт саат сурак берип чыкты.

Ал «Азаттыкка» Бишкектеги «Ынтымак» паркынан ишкердик кылыш үчүн ижарага орундук берүү боюнча иште күбө катары өтүп жатканын айтты.

Мунун алдында УКМКнын кызматкерлери Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Ал арада бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары «Умуралиева 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын» жазышкан.

Умуралиеванын жактоочусу Эрик Ирискулбеков атайын кызматка суракка кирип баратып анын коргоосундагы адам пара менен кармалбаганын, маалымат каражаттарына чыккан кабарлар чындыкка дал келбей турганын айткан.

Ал эми Калича Умуралиева «Ынтымак» паркынан ишкердик кылыш үчүн ижарага орундук берүү боюнча Жазык кодексинин «Коммерциялык пара менен сатып алуу» беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Анын сөзү боюнча, Тажыбаев аттуу жаран УКМКга арыз жазган. Умуралиева 28-майда «Ынтымак» паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген адам менен муниципалдык ишкананын ортосунда келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Тажыбаев бул үчүн дароо эки айга 50 миң сом ижара акысын төлөгөнүн, акча бухгалтерияга түшкөнүн билдирди.

УКМК бул иш боюнча расмий маалымат бере элек. (BTo/KR)

XS
SM
MD
LG