Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Өкмөттүк эмес уюмдарды жана Интернетте пикир билдирүүнү чектеген демилгелер сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөө жана жарандардын Интернет аркылуу пикирин билдирүүсү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу дагы бир каршы пикир жарыяланды.

«Жалпы иш» коомдук фонду 20-майда билдирүү таратып, эки мыйзам тең кабыл алынбашы керек деген пикирин билдирди.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору тууралуу фонд:

«Эгер кабыл алынса бул демилге Кыргызстандын дээрлик ар бир жаранынын конституциялык укуктарынын бузулушуна алып келет. ӨЭУ боюнча мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу демократиялык принциптердин негиздерине карама-каршы келет. Ал кабыл алынса мамлекет тиешелүү деңгээлде аткарууга чамасы жетпей жаткан иштерди жасаган, ошону менен эл ичиндеги саясий жана социалдык чыңалууну азайтып жүргөн өкмөттүк эмес уюмдарды кыйла чектеп коет» деген көз карашын билдирди.

Ал эми «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу фонд төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Бул долбоор жарандын сөзүн жана пикирин эркин билдирүүгө болгон укугун одоно бузат. Ар бир жаран маанилүү окуяларды талкуулоо, анын ичинде Интернет аркылуу активдүү катышуу укугуна ээ, андыктан мамлекет бул укугун камсыз кылып берүүгө милдетүү».

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Ал быйыл март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер мыйзам кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Медиа коомчулук менен Интернет-провайдерлердин сынына кабылып жаткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева.

Долбоордун негиздемесинде мыйзам Интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганы айтылат. Авторлору азырынча расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG