Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

ИИМ: Кызматкерлерге кошумча акы жакын арада берилет


Өзгөчө абал учурунда Ошто иштеп жаткан милиция кызматкери.

Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жакын арада төлөнүп берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, мыйзамга ылайык казармалык шартта кызматын өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилиши керек. Бул боюнча эсеп табелдери толтурулуп, Финансы министрлигине жөнөтүлгөн. Маселе тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдашуусунда турат.

Мунун алдында Kaktus.media интернет-басылмасы милициядагы жеке булактарына таянып, 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпай турганын жазган. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону белгиленген. Муну шаардык милиция төгүнгө чыгарган.

Кыргызстанда өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөм берүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG