Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Лола Каримова АКШда үч үйүн сатыкка койду


Лола Каримованын «Голливуд-Хиллздеги» үйү.
Лола Каримованын «Голливуд-Хиллздеги» үйү.

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова Голлувуддун эң кымбат районунда жайгашкан үч хан сарайын бирдей сатыкка койду. Бирок учурда сатыкка коюлган үйлөр - Лоланын эң кымбат мүлкү эмес. 

АКШнын кыймылсыз мүлк рыногундагы окуяларга көз салган variety.com сайты 3-августта Лола Каримова үч үйүн 18,9 миллион долларга баалап, сатыкка койгонун жазды. Лола Каримова күйөөсү Тимур Тиллаев менен бирге ал үйлөрдү 2014-жылдын жазында офшордук компаниялар аркылуу 16,1 миллион долларга сатып алган эле. Америкалык маалымат агенттиги жазганына караганда, Каримова менен Тиллаев ал үйлөрдүн эч биринде жашаган эмес. Бирок сөз болуп аткан виллалар маал-маалы менен кымбат баада ижарага бериле турган батирлердин тизмесинен байкалып турчу. Каримова сатыкка чыгарган үйлөрдүн экөөндө мурда дүйнөгө белгилүү жылдыздар жашаган. Ошондуктан ал үйлөр кымбат бааланган. Маселен, Каримова сатып алганга чейин 6,5 миллион долларлык виллада Америкадагы футбол жылдыздарынын бири Реджи Буш мурунку көңүлдөшү Ким Кардашьян менен жашаган. Сатуу жарнамасында ал үй мурунку кожоюндун табитине жараша оңдоодон өткөрүлгөнү баса белгиленген. Үч кабаттуу виллада лифт, кинотеатр, кымбат баалуу ашкана, бассейн жана спа салону бар. Ал үйдүн башкалардан айырмасы - дөңсөөнүн төбөсүндө жайгашканы. Үйдөн Тынч океан жана Лос-Анжелес шаары алаканга салгандай көрүнүп турат.

6,4 миллион долларга сатыкка коюлган экинчи виллада мурда «Beatles» тобунун дүйнөгө белгилүү мүчөсү Жон Леннон аялы Йоко Око менен жашаган. Жарнамасынан алынган маалыматтарга караганда ал үйдүн 120 шише шарап сактоочу кампасы, бассейни жана башка ыңгайлуу жактары бар. variety.com басылмасы Каримова өзү азыр сатыкка коюлгандан алда канча кымбат үйдө жашай турганын жазды.

«Голливуддун дөңсөөлөрүндөгү үйлөрүн ижарага берип коюп, Тиллаев менен Каримова Беверли-Хиллз районунан 2013-жылы 33 миллион долларга сатып алган 4460 чарчы метрлик хан сарайда жашап жатышат. Кезинде белгилүү отелдердердин кожоюну болгон Мухаммед Хадид курган бул чоң виллада жабык бассейн, 200 адамга ылайык салтанат залы, 40 адамга ылайыкталган кинотеатр, ондон ашык машине бата турган гаражы бар», деп жазат басылма.

Каримова-Тиллаев бул үй анын «The Harmonist»​ деп аталган атыр дүкөнүнө жакын жайгашкан. Ал дүкөндүн расмий сайтындагы жарыяга караганда анда дүйнөдөгү эң мыкты атырлар топтолгон. Агенттиктин жазганына караганда Каримова азыр жашап аткан Лос-Анжелестеги үй ал ээлик кылган мүлктүн эң кымбат бөлүгү эмес экенин эске салат.

«Беверли Хиллзден, Париждин жана Швейцариянын эң кымбат көчөлөрүнөн эң кымбат хансарайларды сатып алган. Мисалы Женева көлүнүн жанындагы үйдү 47 миллион долларга сатып алган», деп жазат агенттик.

Ушинтип дүйнөнүн эң кымбат жерлеринен кыймылсыз мүлк сатып алып отуруп, Тиллаев менен Каримова Батыш басма сөзүнүн назарына илинген. Ал кезде атасы Ислам Каримов тирүү, Лола Каримова Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчиси эле.

Анын жолдошу Тимур Тиллаев болсо Өзбекстандагы эң ири дүң соода борбору болгон «Абу-Сахий» базарына ээлик кылчу. Бул үй-бүлөнүн кооз жашоосу журналисттик иликтөөлөргө да себеп болгон. Мисалы «The Black Sea» жана «Франциянын Mediapart» басылмасы 2017-жылкы иликтөөсүндө «Абу-Сахий» компаниясы Бириккен Араб Эмираттарынан жана Швейцариядагы оффшордук банк эсептеринен 127 миллион АКШ доллары нак акчаны өткөргөнүн жазышкан.

variety.com басылмасы бул макаласын даярдап жатып, Каримова менен Тиллаевдин адвокатына кайрылган. Алар адвокаттан 2014-жылы катары менен үч үйдү бир сатып алууга жумшалган каражатты Каримовалар кайдан алганын жана франциялык журналисттердин иликтөөсүндөгү 127 миллион долларга кандай байланышы бар экенин сурашкан. Адвокат Марк Реймонд ал суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

42 жаштагы Лола Каримова - Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кенже кызы. Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 2014-жылдан бери Өзбекстанда ири өлчөмдөгү коррупция үчүн айыпталып, азыр камакта отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG