Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Мирзиёев Франциядан инвестиция тарткысы келет


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Елисей сарайы. 22-ноябрь, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Елисей сарайы. 22-ноябрь, 2022-жыл.

Францияга расмий сапары менен барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-ноябрда президент Эммануэл Макрон менен жолукту.

Расмий Ташкент билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты жана актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Өзбек тарап акыркы жылдары франциялык ишканалардын жана долбоорлордун саны үч эсеге көбөйүп, биргелешкен долбоорлор 5 миллиард евродон ашканын кабарлады. Мирзиёевдин басма сөз кызматы ошондой эле тараптар "коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана күрөшүү" маселелерин талкуулаганын билдирди.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев төрт жылдан соң кайра Францияга келди. Ал Париждеги иш сапарынын алкагында президент Эммануэл Макрон баштаган француз расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

21-ноябрда Мирзиёев Франциянын өнүктүрүү агенттигинин аткаруучу директору Реми Рио менен жолугуп, анын жыйынтыгында 2025-жылга чейинки стратегиялык кызматташтык программасы кабыл алынганы маалым болду. Анда жалпы суммасы 1 миллиард евродон ашкан, жашыл экономикага багытталган жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү көздөгөн долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Өзбек лидеринин Францияга сапарынын алдында Парижде өзбек-француз бизнес форуму да болуп өттү. 18-ноябрдагы форумда өзбек премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Хожаев франциялык ишкерлерге Өзбекстанга инвестиция тартуунун артыкчылыктарын айтып берди.

"Өзбекстан тынч жана саясий жактан туруктуу өлкө. Биз бейтараптуулук жана ынак коңшулук принциптерин карманабыз. Тышкы саясатыбыздын бул негизги принциптери туруктуу экономикалык бакубаттуулукту сактоого жардам берет".

Өзбекстанга келген чет элдик инвестициянын басымдуу бөлүгү өлкөнүн жаратылыш газы жана мунай иштетүү тармагына салынган. Бирок миллиарддаган долларлык инвестицияга карабастан, эксперттер өлкөнүн энергетика тармагы дагы эле начар абалда экенин айтышат.

Мирзиёевдин бул сапары Өзбекстанда газ жана электр энергиясы улам өчүрүлүп жаткан учурга туш келди.

Өткөн аптада өзбекстандык энергетиктер жылуулук электр станцияларына газдын жетишсиздигинен улам өлкөдө жапырт электр энергиясы өчүшү мүмкүн эскерткен. Ошондой эле расмий Ташкент көгүлтүр отту чет өлкөгө сатууну токтотуп жатканын билдирген.

Деген менен Парижде өткөн бизнес-форумда өзбек аткаминерлер бул көйгөйлөр тууралуу ооз ачкан жок. Тескерисинче француз энергетикалык компанияларын өлкөгө көбүрөөк инвестиция салууга чакырышты.

"Франциялык өнөктөштөр менен биргеликте энергетика, инфраструктура, тоо-кен, жарандык авиация жана башка тармактарда 5 миллиард долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Француз ишкерлер Өзбекстандан күн жана шамал энергиясын көбүрөөк сатып алууга кызыкдар", - деди Жамшид Хожаев "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына берген маегинде.

Мирзиёевдин Франциядагы сапары укук коргоочулар менен активисттердин Париждеги Сэнт-Августин аянтындагы акциясы менен коштолду. "Бизди угуңуз!" деген акцияга катышкандар Өзбекстандагы адам укуктары тебеленген учурларды көрсөткөн сүрөттөрдү жана жазууларды көтөрүп турушту.

"Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын президенти болуп шайланганына беш жыл болду. Ал бийликке укуктук реформалар боюнча чоң убадалары менен келди. Сот системасын реформалоо, саясий жүйө менен соттолгон адамдардын ишин кайра кароо убадалары берилген. Эл аралык коомчулук ондогон өзбек активисттерин саясий качкын жана абийир туткуну деп тааныды. Тилекке каршы, айрымдары гана акталды, саясий качкындар дагы эле өз мекенине кайтып бара албай жатышат" , - деди "Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаева.

Шавкат Мирзиёевдин Париждеги эки күндүк расмий сапар шейшемби күнү жыйынтыкталды. Мурдараак Батыш басылмалары Өзбекстан Евробиримдиктен теги өзбек, орусиялык олигарх Алишер Усмановго киргизилген санкцияларды алып салууну суранганын жазышкан. Өзбек бийликтери буга комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG