Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

“Соцтармакта суроо көп болду": Чек ара маселесине Өзбекстандагы реакция


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв журналисттер менен. 2021-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв журналисттер менен. 2021-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасынын тактоо Кыргызстанда кызуу талаш-тартыш, автивист-саясатчы, блогерлерди камоо менен коштолуп, коомчулуктун назарында турганда Өзбекстандын медиасы бул темага дээрлик кайрылган жок.

Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы келишимди колдогондо да бул тема коңшу өлкөнүн журналисттери менен блогерлерди анчейин кызыктырбады. 17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши келишимди жактырганда өзбек соцмедиадасы бир топ жанданды. Талдоочулар муну эки өлкөдөгү жарандык коомдун активдүүлүгүнүн айырмачылыгы менен түшүндүрөт.

Расмий маалымат менен чектелүү

Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары, телерадиоканалдары кыргыз-өзбек чек ара келишими тууралуу айтып, расмий бийликтин маалыматын бөлүшүү менен чектелүүдө. Аларда келишимди сындаган, мактаган же кандайдыр баа берген эксперттердин пикирлери камтылбайт. “Азаттык” байланышкан ташкенттик айрым журналисттер муну “өкмөт кабыл алган чечимдер талкууланбайт” деген түшүнүккө такашат.

Чек ара келишимин Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 14-ноябрда жактыргандан соң өзбек медиасында бул темада кабарлар аз-маз көбөйгөндөй болду. Бирок анын баарында өзбек премьер-министри Абдулла Ариповдун парламентке келип, депутаттарга маалымат бергени тууралуу айтылат.

Бир катар курч макалалары менен таанылып келаткан rost24.uz сайты Кемпир-Абад суу сактагычы темасына 17-ноябрда гана кайрылды. Анда да маселенин өзөгүнө токтолбой, кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңеш депутаттарынын алдында "өнүгүү жагынан Өзбекстан Кыргызстандан кыйла алдыга озуп кеткенин" айтканын жазды. Эки коңшу алмашып жаткан жер тилкелери, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын байланыштуу маселени кыска эле кабарлады.

Чек ара келишими кыргызстандыктарды бир топ активдештирип, коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизгенине gazeta.uz сайты көңүл бурду. Белгилүү kun.uz сайты Кыргызстанда активисттер жана саясатчылар жапырт камакка алынганы тууралуу учкай жазды.

"Өкмөт чек араны ызы-чуусуз чечкиси келет"

Ысымын ачык айткысы келбеген ташкенттик медиа эксперт мунун себебин эки өлкө ортосундагы сөз эркиндиги жана жарандык коомдун абалы менен түшүндүрдү:

“Мунун көптөгөн себептери бар. Биринчиси, албетте, сөз эркиндигине жана Кыргызстанда саясий оппозициянын бар экенине байланыштуу. Өзбекстандыктар чек ара темасын ар дайым курч маселе катары карап келген, өкмөт аны мүмкүн болушунча ызы-чуусуз, ашыкча билдирүүлөрсүз мыйзамга киргизет. Жаңылбасам, кыргыз-өзбек чек ара келишимине байланыштуу Өзбекстан тараптан эки-үч расмий маалымат тарады, биринчиси премьер-министр Абдулла Ариповдун Бишкекке барганы, экинчиси тышкы иштер министри Владимир Норовдун Бишкекке барганы тууралуу болду. Акыркысы парламенттеги диалогдор учурунда болду”.

Чек ара келишими күн тартибинде турганда социалдык тармактын колдонуучуларын көбүнчө Сох анклавынын тагдыры, чек арадан кирип-чыгуудагы түйшүктү жеңилдетүү маселеси кызыктырды. Бирок интернетте чек арага байланыштуу суроо бергендердин дээрлик баары каймана ат менен катталгандар болуп чыкты. Биз микрофон сунган талдоочу социалдык түйүндөгү талкуулардын кыскача мазмунун чечмелеп берди:

“Социалдык тармактарда суроолор көп болду. Колдонуучулар “Биз жеңип жатабызбы же жеңилдикпи? Эмнеге кыргыздар эле сүйлөп жатат? Эмнеге биздин Тышкы иштер министрлиги унчукпайт? Канча жерибиз берилди?” деген мазмундагы суроолорду жазышты. Парламентте маалымат бергенге чейин Өзбекстандын өкмөтү эч кандай билдирүү жасаган эмес. Кыргыз тарап буга чейин айтып келгени сыяктуу биздикилер да “Өзбекстан уттурган жок” деген өңүттө маалымат беришти. Социалдык түйүн колдонуучулары “Суу сактагыч Өзбекстанга өттү” деп муну жетишкендик катары баалашты. Пикирлер ар башка, бирок баарыбир чек ара маселесине чекит коюуну жактагандар арбын. Адамдар чек ара чатагы дайыма кооптуу деп ойлошот”.

“Азаттыктын” өзбек кызматы карапайым эл арасында жүргүзгөн сурамжылоодо жарандар чек ара келишиминен, суу сактагычтын айланасындагы маселелерден такыр кабарсыз экенин айтышты.

Чек ара келишими депутатты блог жаздырды

17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши чек ара боюнча келишимди ратификациялап, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алгандагы жараян Твиттердин өзбек сегментинде талкууланды. Парламенттин ичинде депутаттар менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызыл-чеке талашынын видеосун бөлүшүп, айрымдар бул көрүнүштү “демократиянын карааны” деп баалашты.

Davronbek аттуу колдонуучу кыргыз депутаттарынын талашын “нормалдуу коомдун парламентинде жаңжал болот” десе, Muhammad Zarif Abu Soliha деген колдонуучу “Бизде да ушундай болор бекен? Же аския айтып отурабызбы?” деп жазды. Арасында кыргыз парламентиндеги жаңжалга таң калгандар же шакаба кылгандар да болду.

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 14-ноябрда келишимди эч кандай талашсыз, өкмөттүн чечимин мактоо-жактоо менен коштоп жактырган. Ал тургай депутат Нуриддин Султанов “Өзбек-кыргыз чек арасында көйгөй калбады” деген аталышта блог жазып, аны парламенттин сайтына чыгарганга жетишти.

Өзбек парламентинин Сенаты да документти 18-ноябрда карап, мамлекет башчы Шавкат Мирзиеёвдин саясатын мактоо менен жактырды.


Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. Ага 18 депутат каршы добуш берип, 65и колдоду.

Президент Садыр Жапаров чек ара тууралуу талкуу башталгандан тарта билдирүүлөрдү жасап, суроолорго жооп берди. Өзгөндө жана Бишкекте чектелген санда эл менен жолукса, келишим кабыл алынып жатканда Жогорку Кеңешке келип сүйлөдү. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул жаатта эч кандай билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен 26 адам камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда да нааразылык акциялары өткөн.Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу “чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын” билдирип келет. Укук коргоочулар жана эл аралык коомчулук кармалгандарды бошотууга үндөп жатат.

Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын Андижан суу сактыгычы деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG