Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Орус элчилиги кыргыз журналистин сындады


Журналист Нарын Айып.
Журналист Нарын Айып.

Сөз эркиндигин коргоо комитети журналист Нарын Айыптын телепрограммасына карата орус элчилигинин билдирүүсүн Кыргызстандын ишине кийлигишүү катары баалады.

Нарын Айыптын «Кеп ошондо» деген берүүсүндө генерал Панфилов атындагы жаш армия отряды түзүлгөнү, ага Орусиянын адмиралы Владимир Земсков катышканы айтылат.

Көп өтпөй аталган телепрограмма боюнча орус элчилиги кескин билдирүү таратып, бул иш-чара Орусиянын Кыргызстандагы аскер базасынын жоокерлеринин балдары үчүн уюштурулганын кабарлады.

Мамлекеттик «Бешинчи каналдын» журналисти Нарын Айыптын беш мүнөттүк «Кеп ошондо» телепрограммасы 4-мартта эфирге чыккан. Анда Панфилов атындагы жаш армия отряды түзүлүп ага кыргызстандык балдар да кошулганы, алардын ант берүүсү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгону баяндалат.

Ошондой эле «Орусиянын аскердик деңиз флотунун баш ордосунун жетекчисинин орун басары Владимир Земсков жаштарга атайын туу да тапшырыптыр. Демек Кыргызстандын жаштары салтанаттуу антты орусиялык адмиралга бергендей болуп уюштурулган» деп айтылат.

Нарын Айып кыргыз бийлиги өлкөнүн көз карандысыз экенин айтып келгени менен бул иш-чара орус адмиралы аны тааныбаганын көрсөттү деп эсептейт.

- Эмне үчүн эч кимди чакырган эмес? Эмне үчүн кабар чыккан эмес? Эмне үчүн бул иш-чара тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Маданият маалымат жана туризм министрлиги эч нерсе билбейт? Биз аларга чалып чыктык. Эмне болгонун бирөө да билбейт. Кийин эле Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтына «Кыргызстанда Юнармиянын отряды түзүлдү» деп маалымат чыкты. Орусиянын Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли келсе, аны эмнеге 20 эле бала көрүшү керек? Ал концертти элдин баарына көрсөтүшпөйт беле анда. Алар «иш-чарага Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери да катышты» деп жатышат. Согушка катышкан кыргыз ардагерлер жок бекен? Булар Орусияга ыктаган, Орусияны мактаган, «Орусияга кошулалы» деген адамдарды чакырышкан да. Бирок алардын бирөөнүн да атын жазбайт.

Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланган сүрөт.
Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланган сүрөт.

​Юнармия отряды же башкача айтканда жаш армия отрядына арналган иш-чара 21-февралда өткөн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги сайтына «Кыргызстанда генарал Панфилов атындагы Юнармия отряды пайда болду» деп 3-мартта жазды.

Бир күн өтүп, 4-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Нарын Айыптын телеберүүсүн кескин сындаган билдирүү таратты. Алар сөз болуп жаткан иш-чара опера жана балет театрында уюштурулганын ырастап, бирок ага Орусиянын Кыргызстандагы аскер базасынын жоокерлеринин балдары гана катышканын билдирди.

Ошондой эле журналисттин «Кыргызстан жаштары орусиялык адмиралга ант берди» деген маалыматын төгүндөп, эл ичинде таанымал каналдын жалган маалыматты таратышына жол бербөөгө чакырды.

Нарын Айып Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында ант берүүгө кимдин балдары катышканы так жазылбаганын жүйө кылууда. Бул боюнча элчиликтин билдирүүсүн Сөз эркиндигин коргоо комитети сынга алып, кайрылуу жасады. Комитеттин мүчөсү Бегалы Наргозуев:

Бегалы Наргозуев.
Бегалы Наргозуев.

- Мен муну биздин ички иштерге кийлигишүү катары баалайм. Орусия мурдатан эле биздин «улуу ага» деген психологиялык абалынан чыга албай жатканынын белгиси. Канттагы авиабазанын кызматкерлери, элчилик кошулуп алып Опера жана балет театрында жеткинчектер менен ушундай иш-чараны уюштуруп, ага реакция кылган телеканалган каршы билдирүү жасаганы туура эмес, - деди комитеттин мүчөсү.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитетинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков журналист Нарын Айыптын телепрограммасына каршы Орусиянын элчилигинин кескин билдирүүсүнө түрткү болгон айрым жагдайларды атады.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул маселеге мүмкүн көңүл деле бурмак эмес. Бирок ага элчилик реакция кыла турчу бир нече жагдай бар. Биринчиси - Нарын Айып Кыргызстандагы белгилүү, көрүнүктүү журналисттерди бири. Экинчиси- Нарын Айып демократиялык көз караштагы журналист. Үчүнчүсү - Нарын Айып азыр мамлекеттик телекомпанияда иштеп жатат. Мына ушул үч нерсе элчиликти ушундай билдирүү таратууга мажбур кылды деп эсептейм.

Жаш армия отряды Кыргызстан менен Орусиянын аскердик жааттагы кызматташуусуна байланыштуу маселени көтөрдү.

Февралдын башында Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Сочиде аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Орусия Кыргызстанда аскердик ишкана ачууга белсенип жатканы тууралуу сөздөр айтылган.

Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий сапары менен келип, Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу боюнча кызуу талкуу болгон. Бирок президент Жээнбеков буга чейин эле Кыргызстанга Орусиянын бир эле базасы жетиштүү экенин жарыялаган.

Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков акыркы окуя боюнча төмөнкүдөй ою менен бөлүштү.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Буга кооптонууга эч кандай негиз жок. Себеби Юнармия же жаш армиячылардын катарына Орусиянын Канттагы аскер базасында иштеген аскерлердин балдары окуп, символикалык түрдө ант беришкени ал өзүлөрүнүн иши. Анткени алар бул жерде жашап, ушул жерде эмгектенип атышат. Тышкы күчтөргө каршы ар кандай окутуулар менен практикалык иштерди жүргүзүп жатышат. Кыргызстан Орусиянын аскер базаларынан жана аскерлеринен коркпош керек. Муну саясатка аралаштырбай, туура баалоо керек.

Жаш армия отряды 2016-жылы Орусиядагы ДОСААФ уюму, орусиялык аскерий ветерандар уюму жана ЦСКА деп аталган аскер спорт клуб тарабынан кайра түзүлгөн. Маалымат боюнча анын максаты сегиз жаштан улуу орусиялык өспүрүмдөрдү мекенчилдик сезимге даярдоо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG