Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Президент Канттагы базада аскерлерди көбөйтүү кажет эместигин айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасында аскерлердин санын көбөйтүүгө негиз жоктугун билдирди. Бул тууралуу Татарстанга жасаган сапарынын алкагында 24-июнь күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Канттагы базада аскерлердин санын көбөйтүүгө дароо каршы болдук. Бирок ал жактагы курал-жаракты жаңыртууга макулбуз. Чын эле коопсуздукту ойлосоңор, чек арадан жай берели, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунан деди, - деген Атамбаев орус тарап азыр ойлонуп жатканын, Канттагы базада аскерлерди көбөйтүүгө кажет жоктугун белгиледи.

Кант авиабазасы Кыргызстандын Чүй облусунда - Кант шаарынан эки километр түштүк тарапта жайгашкан.

Быйыл 29-январда "Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда туруу шарттары жөнүндө" эки өлкө ортосунда 2012-жылы түзүлгөн келишим күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы бир катар аскердик объекттер бириккен аскер базасына айланат. Ал үчүн Кыргызстанга жылына 4,5 миллион доллар төлөнөт. Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG