Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:29

Бишкек-Москва: аскердик ишкананын карааны


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Сочи. 9-февраль, 2019-жыл.

Орус-кыргыз президенттеринин Сочидеги күтүүсүз жолугушуусу Владимир Путиндин Бишкекте өтчү сапарынын айрым темаларын ачкандай болду.

Келерки кездешүүдө Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен негизинен аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшөрү дайын болду. Бирок ошол эле кезде жолугушуунун алдындагы чукул сүйлөшүүнүн айланасында бир топ түкшүмөл ойлор пайда болууда.

Орусия Кыргызстанда аскердик ишкана курабы?

Орусиянын жана Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун Сочидеги 9-февралдагы жолугушуусу тууралуу алгач орус маалымат каражаттары Кремлге таянуу менен жазып чыгышты. Эртеси, 10-февралда гана кыргыз президентинин аппараты кабар таратты.

Эки тарап тең ырастагандай, жолугушууда орус президентинин Бишкекте өтчү сапарынын темалары талкууланды. Муну Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүдөн кийинки медиа-брифингде да өзү ырастады:

- Азыр эле келишкенибиздей, биз эми Кыргызстанда март айынын аягында өтчү кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык кызматташуу маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Жалпы бажылык контурду коргоо боюнча, азыр эле талкуулаган маселелерди карайбыз. Албетте, аскердик тармакка, аскердик кызматташууга байланыштуу иштерди да талкуулайбыз. Бул жагынан силердин ишканаларыңарга иш жүктөш үчүн албетте, биринчи кезекте аскердик-өндүрүштүк комплекстериңерди карап чыгышыбыз керек. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз. Мындан тышкары сиз бүгүн койгон башка маселелерди жарым айда биздин адистер карап чыгышат жана келерки жолугушуубузда аларды бүтүрөбүз.

Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу. «Россия 24» телеканалынын тасмасы.

Жолугушуудан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн атайын сүйлөгөн сөзүндө Сооронбай Жээнбеков жалпы сөздөр менен гана чектелди. Бирок ага чейинки сүйлөшүүдө бир топ маселелерди койгону Путиндин сөзүнөн белгилүү болуп турат.

Анда биринчи кезекте аскердик кызматташуунун карааны, анын ичинде өзгөчө Орусия Кыргызстанда аскердик өндүрүш ачууга белсенип жатканы көрүнүп турат.

Бул маселе аз күн мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Бишкекте Орусиянын эксперттик тобу менен жолугушуу учурунда талкууланганы да белгилүү. Өкмөттүн сайтында жазылган кабарларга ылайык, анда тараптар Кыргызстандагы аскердик-өндүрүштүк комплекс жана коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк ишканалары боюнча сүйлөшкөн. Учкай маалыматта айтылгандай, Бишкекте курал өндүрүү боюнча биргелешкен кыргыз-орус ишканасы ачылышы мүмкүн.

Жеңиш Разаков баштаган топ орусиялык эксперттер менен жолугушууда. 5-февраль, 2019-жыл.
Жеңиш Разаков баштаган топ орусиялык эксперттер менен жолугушууда. 5-февраль, 2019-жыл.

Өнөр жай, энергетика жана жер пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев жергиликтүү НТС телеканалындагы маегинде бул багытта алдыдагы пландар тууралуу айткан:

- «Биздеги токтоп калган кандай ишканалар бар, ошолорду кантип толтурабыз, кандай долбоорлорду ишке ашырабыз?» деген сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул сүйлөшүүлөрдөн жакшы натыйжа болсо аны жакында өтчү Орусия-Кыргызстан өкмөт аралык кеңешине жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарынын алкагында алып чыгабыз.

Башка жагынан алганда Кыргызстанда аскердик-өндүрүштүк комплекс ачуу маселеси Орусияга бүгүн эле сунушталып жаткан жок. Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү 2017-жылы Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында да ушундай демилге көтөрүшкөн. Анын алкагында орус өкмөтүнүн орун басары Дмитрий Рогозин баштаган топ Кыргызстандагы «Дастан», «Шквал», «Нур» өңдүү мурда аскердик куралдарды чыгарган заводдорду кыдырган эле.

Былтыр жыл бою «Дастан» заводунун жетекчилиги Орусияга бир нече жолу барып, аскердик тармактын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп келди. Орусиянын аскердик атташеси баштаган делегациясы бул заводго келип кетти. Ушунун өзү да биргелешкен ишкана ушул заводдун базасында түзүлүшү мүмкүн деген ойлорду жаратууда.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бул туура демилге экенин жана ал Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтууда:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- ЖККУнун базасында техникалык, аскердик жана экономикалык кызматташтык боюнча комиссия бар. Ошонун алкагында биз деле 2015-жылдары ушул маселени көтөрүп келгенбиз. Союз учурунда бизде аскердик коргоо багытындагы ишканалар бар болчу да. Кезинде дүркүрөп турган, башка өлкөлөрдө жок курал-жарактарды чыгарып турган. Азыр ошондон беш-алтоо калган. Кээ бирлери акционердик коом болуп калды, бирок толук эмес. Ал жерде көптөгөн станоктор, жабдуулары бар, күчтүү, тажрыйбалуу адистер бар, бирок ишканалардын жалпы абалы өтө начар. Ошолорду өнүктүрүш үчүн бизде каражат ресурстары жок. Чыгарган өндүрүмүн сатуу да кыйын болуп келген. Ошонун баарын карап көрүп, биз башка, Орусия менен биргелешкен аскердик-өндүрүштүк корпорация түзүү боюнча демилге көтөргөнбүз. Ошонун эле логикалык уландысы болуп жатат го деп ойлойм. Бул эгер ишке ашса Кыргызстанга пайдалуу чечим болот. Бул биринчи жактан кошумча жумуш орундарын түзөт, экинчи жагынан өзүбүздүн аскердик күчтөрүбүздү бекемдөөгө жардам берет.

Жолугушуунун алдындагы жолугушуу

Аз күн мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келип, президент Путиндин сапарында каралчу маселелерди кыргызстандык кызматташы менен талкуулап кеткен. Андан кийин эле президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. 9-февралда болсо өзү Орусияга барып жолугушуп келди. Бирок жолугушуунун алдында чукул барып сүйлөшүп келүүнүн зарылчылыгы эмнеде эле? Талдоочулар буга түрдүүчө жооп берип жатышат.

Саясий эксперт Даниел Кадырбековду бул боюнча өз божомолун айтты:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Автократиялык Орусияга көз каранды болгон биздин саясатчылар ал жакка сапар менен барса өздөрүнүн режиминин кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарына байланыштуу максаттар менен барат. Сүйлөшүүлөр деле ошол өңүттө жүрөт. Мисал үчүн, президент Жээнбеков «сиз келгенде курч маселелерди көтөрбөй туралы, менде азыр кырдаал туруктуу эмес» деп, ошону сүйлөшүп келиши мүмкүн. Балким «Экинчи база же ГЭСтер боюнча мен билдирүүлөрдү жасап же даярдана берсем болобу?» деген суроого жооп алып келди. Бирок бул жерде узак максаттуу, рационалдуу нерсени деле издештин кереги жок. Бул жерде жөн гана тышкы саясаттагы оппортунисттик, көз каранды эле аракеттерди көрүүгө болот. Ал эми аскердик кызматташтык боюнча Орусиядан эски «уазиктерди» алганыбыз эле болбосо, мисалы, куралдардын акыркы үлгүлөрүн бергенин деле көргөн жокмун. Биздин саясатчылар «Орусиядан аскердик жардам алганы жатабыз, андай-мындай көмөк көрсөтүүдө» деген билдирүүлөрдү жөн эле саясий упай алыш үчүн эле акцент жасап, билдирүү кылып коюшат. Ошондуктан мен аскердик тармакта биздин мамилебиз мыкты деп айта албайм, мында жөн гана Орусиянын тышкы саясатындагы куралы болуп калуудабыз.

Ал эми саясатчы Эдил Байсалов болсо геосаясий ымалаларда Кыргызстан негизги өнөктөшү катары Орусиянын көзүн кароосу «аргасыз реалдуулук» экенин белгиледи:

- Ооба, бул жашыруун деле сыр эмес. Мурунку президентибиз деле, азыркы президентибиз деле «Орусия, Орусия, Орусия» деп эле айтып келе жатат. Аны «стратегиялык өнөктөш» деп да айтышпайт, «Орусиядан башка эч кимдин бизге кереги жок» дегендей мамиле кылышат, ошондой саясат уланууда. Бул бизге жагабы, жакпайбы, азыркы саясаттын диагнозу ошол. Азыркы учурда Кыргызстандын ички-тышкы саясаты толугу менен Орусиянын талабына жооп бере тургандай болуп ыңгайлашат, ошолорго жагынуу катары көрсөк болот. Экинчи жагынан алганда, биз буга эмне үчүн биз таң калышыбыз керек? Кайра тескерисинче, жакындашкандай да болуп атпайбы. Дегеним - бул тыгыз, ишенимдүү байланыштай да сезилип турат. Анткени «келип кетсең» десе эле учуп барып келгени балким, бюрократия, дипломатия аркылуу эмес, көзмө-көз сырдашып келгенидир? Балким өнөктөш мамлекеттер катары ушундай иш алып барып жатышкандыр.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапары март айына белгиленген.

Маалыматка караганда, мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын отуруму, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн 500 өкүлү катышкан аймак аралык конференция өткөрүлөт. Мындан сырткары биринчи жолу Кыргызстандын жана Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму болот. Анын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлат.

«Азаттык» Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Бишкектеги сапарынын алкагында кыргыз-орус алакасын «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG