Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирүүдөн баш тартты


Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев.
Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр. Бирок Москва сунуштаган Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирбейт. Reuters басылмасы билдиргендей, бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов айтып чыкты.

Министрдин сөзүнө караганда Ташкент “эч качан газдын ордуна саясий шарттарга барбайт”.

“Биздеги суроо-талапты жабуу үчүн, ички керектөөнү камсыздоо жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандайдыр бир альянс же союз аркылуу эмес, коңшу өлкөлөрдөн газды же электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн энерго түйүндөрдү берүү аркылуу эмес, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен коммерциялык келишимдин, алып-сатуунун негизинде сүйлөшүү өткөрүп жатабыз”, - деди ал.

Reuters басылсасы белгилегендей, суукта Өзбекстанда быйыл газдын жетишсиздиги байкалды. Кытайга экспорттоочу газдын бир бөлүгүн токтотууга аргасыз болду. Өлкө бийлиги башка мамлекеттер менен жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту сатып алуу боюнча сүйлөшүп жатат. Бул мамлекет ошондой эле суюлтулган газды сыртка экспорттоого тыюу салды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Анда президенттер “кандайдыр бир үч тараптуу уюм түзүүнү” талкуулаганын ушул эле күнү орусиялык басылмалар Казакстандын президентине таянуу менен жазып чыгышкан.

Маалыматты 29-ноябрда Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай ырастап, эки лидер соңку сүйлөшүүсүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын “үчилтик газ биримдигин” түзүүнү талкуулаганын тактаган. Анын айтымында, мунун максаты Орусиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү маселелерин координациялоо максатын көздөйт.

Андан кийин Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөштү. Анда газ биримдиги тууралуу сөз болгону расмий кабарланган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG