Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

УКМК Кара-Кечеде кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдады


Кара-Кече көмүр кени. 2021-жылдагы сүрөт.
Кара-Кече көмүр кени. 2021-жылдагы сүрөт.

Жумгал районунун Кара-Кече кениндеги эл үчүн атайын баасы арзан бөлүмдөн мыйзамсыз көмүр ташып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 8-декабрда кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Саяк”, “Мики Чор” каймана аты бар К.М. жана Ж.М. аттуу кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү 1-декабрдын түнү “Кара-Кече” ишканасынын кызматкерлерин коркутуп, көмүр жүктөп кетишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылы көмүрдүн баасы жогорулап, октябрь айында Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Быйыл дагы бийлик элге ташыган көмүрдүн баасын 4000 сом деп аныктаган. Ал үчүн айдоочулар Кара-Кечеде көмүрдү арзан жана кезексиз жүктөшөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG