Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Июнь окуясы: сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө


Июнь коогасы боюнча сот отуруму. 1-декабрь, 2022-жыл.
Июнь коогасы боюнча сот отуруму. 1-декабрь, 2022-жыл.

Июнь окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланып жатат. 8-декабрдагы отурумда коомдук ишмер Эмил Каптагаев күбө катары көрсөтмө берди.

Отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышты. Адвокат Сергей Слесарев ал ден соолугуна байланыштуу сотко келе албастыгын билдирди. Судья Чыңгыз Бердимуратов Атамбаев зарыл учурда сотко алынып келинерин айтты.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

1-декабрда Алмазбек Атамбаев отурум башталганда сотту "цирк" деп атап, ишти өзүнүн катышуусуз кароону өтүнгөн. Ал темир торду тепкилегенден кийин залдан алып кетишкен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары учурдагы президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суракка кирип чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG