Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Милиция Каракол шаардык кеңешинин депутаты издөөгө алынганын билдирди


Милиция тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Каракол шаардык кеңешинин 27 жаштагы депутаты ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, Каракол-Бишкек каттамындагы автобустун айдоочусу ишкерлердин товар сатып алууга берип жиберген 5 млн. 200 миң аманат акчасын уурдатып жибергенин айтып, арыз жазган. Милицияда ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, шектүү катары 19 жаштагы эки киши кармалган. Үчүнчү шектүү катары шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланды.

Учурда ишкерлердин уурдалган акчасы кайтарылып, эки шектүүгө карата соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алуу чарасы тандалды.

Ысык-Көл милициясы үчүнчү шектүүнүн жүргөн жерин көргөн-билгендер 0703937656, 0556898966, (03922) 5-45-50 же 102 телефондоруна кабарлап коюуну өтүндү.

Шектүүлөрдүн жакындары же жактоочусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

Дагы караңыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG