Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Боррель: Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташууга кызыкдар


Жозеп Боррель
Жозеп Боррель

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди тереңдетүүгө жана Орусияны айланып өткөн транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель билдирди.

Боррелдин пикири шаркеттин сайтына 20-ноябрда жарыяланды. Анын айтымында, Борбор Азия Евробиримдикти "эң ылайыктуу өнөктөш" деп эсептейт. Евробиримдик да биринчи кезекте энергия булагы жана “маанилүү чийки зат” катары чөлкөм менен байланышты чыңдоого кызыкдар.

Боррель тараптардын мамилелери жакшы өнүкпөгөнүн кошумчалады. Борбор Азия өлкөлөрү Орусия аркылуу гана Европа жана дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Бирок ашыкча көз карандылык жана тандоонун жоктугу чоң чыгымга алып келиши мүмкүн - биз энергетика жана Орусия жөнүндө көп нерсени үйрөндүк", - деди Боррель.

Ал негизинен Кытай менен Европаны Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу байланыштырган Транскаспий коридору тууралуу сөз кылды. Боррель белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул коридордун техникалык-экономикалык негиздемесинин үстүндө иштеп жатат.

Боррель Орусия менен Кытай Борбор Азияда "маанилүү роль ойной турганын", бирок Евробиримдик чөлкөмдүн "негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү" экенин кошумчалады. Ал Евробиримдик акыркы он жылда Борбор Азияга 100 миллиард евродон ашык инвестиция салганын, бул Орусия менен Кытайга караганда "бир топ көп" экенин белгиледи. Шаркет дагы 300 миллиард еврого чейин бөлүүнү пландоодо.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардан улам Орусия Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну жанданткан. 2022-жылдын октябрында Орусия - Борбор Азия форматындагы биринчи саммит өткөн. Анда орус президенти Владимир Путин “Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын алдыңкы инвестору: биздин түз инвестициялардын жалпы көлөмү беш миллиард долларга жакын” деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG