Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Президент Жапаров мектеп курулушунан миллиондогон акча кымырылып келгенин айтты


Гейдар Алиев атындагы жаңы курулган мектеп. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.
Гейдар Алиев атындагы жаңы курулган мектеп. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 21-ноябрда Бишкек шаарында 2022-жылы курулган мектептердин ачылышына арналган аземге катышты. Анда сүйлөгөн сөзүндө Жапаров баш калаада 15 билим берүү мекемеси беш айдын ичинде салынып бүткөнүн, курулушу буга чейинкилерге караганда арзан болгонун белгиледи.

“Акыркы 12 жылдын ичинде мектеп, бала бакчанын чарчы метрин 850 долллардан салып келишкен. Ал кезде материалдар эки эсе арзан кези болгон. Азыр цемент, арматура эки эсе кымбат. Ошого карабастан 650 доллардан куруп берди. Ошондо дагы чөнтөгүнө киреше түштү. Акыркы 10 жылды ала турган болсок, менин эсебимде 200 млн. долларды сол чөнтөккө салышкан”.

Президенттин айтымында, 15 мектептин курулушуна каражат мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн. Бирок, суммасы канча экени айтылган жок.

Жылдан-жылга билим берүү тармагына бөлүнгөн акчанын суммасы көбөйүп жатканын айтты. Маселен, 2012-жылы 12,7 миллиард бөлүнсө, 2020-жылы 39,9 млрд. сом бөлүнгөн. 2022-жылы кошумча 16 млрд. сом каралган.

Садыр Жапаров калктын саны өсүп жатканына байланыштуу жылына 24 мектеп салынышы керек экенин билдирди. Анын маалыматына караганда, эки жыл мурун өлкөдөгү 247 айылдагы мектеп жараксыз абалда болчу. Учурда окууга жараксыз 80 мектеп калды.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин 193 объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштарына мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. 172,1 млн. сом коротулганун маалымдаган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда турат. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Ал мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG