Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Орусия Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү болду


Жизактагы кийим тигүү цехи
Жизактагы кийим тигүү цехи

Өзбекстандын акыркы 11 айдагы соода жүгүртүүсү дээрлик 45 миллиард долларды түздү. Былтыркы ушул эле мөөнөткө салыштыргында бул көрсөткүч 18% өстү. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Экспорт жагынан биринчи орунда өнөр жай продукциясы, кызмат көрсөтүү жана алтын турат.

Өзбекстандын тышкы соодасында биринчи сапка Орусия чыкты. Жалпы көлөмдүн 18,6% ал өлкөгө туура келет.

Кытайга экспорт тескерисинче азайган. Андан киинки орундарда Казакстан, Түркия жана Корея турат.

Кыргызстан менен соода 31,3%, Түркмөнстан менен 12,7%, Тажикистан менен 11,8% жана Ооганстан менен 11,3% өстү.

XS
SM
MD
LG