Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Москванын эскертүүсү: алака солгундаса, экономикалык кесепети оор болот


Кремль, Орусия. Иллюстрация сүрөт.
Кремль, Орусия. Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу өкүлү Александр Стерник Борбор Азия Москвадан алыстап жатат деген ишарат болсо, анын кесепети бул аймактагы өлкөлөр үчүн олуттуу болорун эскертти. Министрликтин үчүнчү департаментинин башчысы бул тууралуу "Валдай" дискуссия клубунда билдирген.

Эксперттик чөйрөдө орусиялык дипломаттын бул сөзү Борбор Азиядагы айрым мамлекеттердин Кремль сунуштаган "газ биримдигинен" ачык баш тарткан турумуна карата таарынычы жана жылма эскертүүсү катары чечмеленүүдө.

Дипломаттын оозу менен айтылган олуттуу "сигнал"

"Коммерсант" басылмасы 22-декабрда "Борбор Азия жана украин кризиси" деген аталыштагы "Валдай" дискуссиялык клубунда болуп өткөн талкууга катышкан Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү департаментинин башчысы Александр Стерниктин "Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен алакасын солгундатса, бул алар үчүн оор кесепеттерге алып келерин" айтканын ага шилтеме берип, кабарлады.

"Коммерсанттын" кабарчысы дипломаттан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн Орусияга каршы санкцияларды сактоо өңдүү аракеттерине Москва кандай реакция кыларын сураган.

Александр Стерник кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, керек болсо, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусиядан кол үзүүгө жасаган кичинекей ишараты эле оор кесепеттерге алып келерин эскертти.

"Биз биринчи кезекте бардык оюнчулардын аракеттерине, Орусиянын кызыкчылыгына зыян келтирип жатабы же жокпу, ошого карата баалайбыз. Мына ошондон соң гана биз тыянак чыгарабыз. Биздин өнөктөштөр дагы Орусия менен көп кырдуу байланыштарды жоготпоого абдан кызыкдар деген ойдобуз. Керек болсо, алардын мамилени жыйыштырууга жасаган ишараты да ушундай бир оор экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Андай чыгымдарды кожоюндардын кенемте төлөө убадалары да жаба албайт”.

Дипломат Александр Стерниктин "кожоюндардын кенемтеси" деп айтканын аталган басылма "Батыш өлкөлөрү" деп тактоо киргизип, атайылап белгилеп жазган.

Үчүнчү департамент Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин курамында КМШ өлкөлөрү анын ичинде Борбор Азия жана Кавказ республикалары менен болгон тышкы байланыштарга жооп берет.

Москванын таарынычы

Орусиянын жетекчилиги кайсы бир маселелерде эл аралык аренада ачык колдоо издеп, айрым республикаларга жардам бергенин колко кылган учурлары болгон. Алардын бир мисалы Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл күзүндө Самарканд шаарында ШКУнун жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти менен жолугушкан учурда Москва көп жылдан бери Кыргызстанга жеңилдетилген насыя түрүндө миллиондогон доллар жардам берип келе жатканын эсептеп, айткан жайы бар.

"Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков орусиялык дипломаттын сөзү Кыргызстанга да тиешелүү экенин, Москва көз карандылыктын абалын эскертти деген пикирде.

"Бул сөз жөн жерден айтылып жаткан жери жок. Анын Кыргызстанга дагы тиешеси бар. Анткени биздин өлкө Орусиядан күйүүчү-майлоочу майдын 96 пайызын, дан азыктарынын, тамак-аштын көпчүлүгү дагы Орусиядан ташылып келет. Газ тармагын болсо Орусиянын “Газпромуна” сатып жибергенбиз. Миграциялык агымдын негизги өзөгүн Орусия түзүп, ал жакта миңдеген мгиранттарыбыз иштейт. Мына ушундай биздин өлкөнү көз каранды абалда кармаган жагдайлардын бардыгы өткөн 10-15 жылда биздин мамлекет башчыларыбыз, биздин өкмөт башчыларыбыз тарабынан түзүлүп калган. Чыныгы абал ошондой. Ошондуктан орусиялык жогорку кызматы адамы колунда турган мына ошондой ишенимдүү басым жасоо чараларына таянып, ошентип сүйлөп жатат. Ал эми эгемен өлкө катары бирдиктүү тышкы саясатыбыз жүрбөй жатканы бизди көз каранды абалда кармап келет".

Ошондой эле Александр Стерник ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу Орусия катышкан эл аралык уюмдардагы "таяктаган тартип" жоктугун, алардын мүчөлөрү чөлкөмдөгү башка бирикмелерге да кошула аларын, өнөктөштөрдүн турумунда ажырым чыгып калса, Орусия ортомчулук позицияны карманарын белгиледи.

Дипломат Орусия Борбор Азиядан Кавказга Каспий аркылуу транспорт коридорун ачуу демилгесин тынч эле кабыл аларын айтып, "дүйнөлүк базарга чыгуу жолдорун издөө - ар бир өлкөнүн суверендүү укугу" деп белгиледи.

Мурда Орусиянын президенти Путин Казакстан, Өзбекстан менен бирге "Газ биримдигин" түзүүнү сунуштап, бирок Ташкент андан караманча баш тартып, Астана болсо астейдил жооп берген эмес.

Орус дипломатынын билдирүүсү жыл башынан бери уланып келе жаткан орус-украин согушу курчуп турган маалга туура келди. Соңку айларда орусиялык күчтөр Украинадагы позицияларын жоготуп, Херсонду таштап кетүүгө аргасыз болду.

Согушту баштаганы үчүн Батыштын санкцияларынын бутасында калган орус бийлиги эл аралык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктан обочолонуп, чектөөдө калганын сезип жаткан учур. Орусия дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн "Чоң жетинин" жана "Жыйырмалыктын" жыйындарына толук кандуу мүчө же байкоочу катары катышуудан четтеп келет.

Бул согуш башталгандан тарта Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде ЖККУ сыяктуу аскерий уюмдагы өнөктөштөрү жардамга келеби деген маселени орус медиасы утур-утур көтөрүп келет.

Бирок ЖККУнун курамындагы Казакстан уюмдун катарында Украинадагы жаңжалга аскер жөнөтпөй турганын ачык айткан.

Астана менен Ташкентке жолдонгон "салам кат"

Геосаясий маселелер боюнча эксперт Марс Сариев орусиялык дипломаттын "Валдай" клубунда сүйлөгөн сөзүн Москванын Ташкент менен Астанага тымызын эскертүүсү катары чечмеледи.

"Орусия муну менен алдын ала эскертип жатат. Анткени Казакстан менен Өзбекстан Орусиянын “газ биримдигине” кирүүгө кол кобой койбодубу. Өзбекстан министринин оозу менен муну “саясий биримдик, ошондуктан ага кирбей турганын” ачык эле айтты. Казакстан болсо ага астейдил көңүл бурбай койду. Дипломаттын айтканы мына ошол соңку кадамдарга карата тымызын жооп болду. Анан калса азыр Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү Каспий деңизи аркылуу Европага чыгуу жолдорун издеп жатканы Москваны аябай тынчсыздандырууда. Себеби Борбор Азия муну менен Орусиянын таасиринен аз-аздан чыгып кетет деген чочулоо бар. Ошондуктан “Орусиядан алыстасаңар чоң көйгөйлөр болот” деп эскертүү берилди. Орусиянын генштабынын бир өкүлү “биздин көңүл Украинадан соң Азербайжанга бурулат” деп ачык айтканы коркунуч катары кабыл алынды".

Буга чейин дагы Орусиянын жогорку эшелонундагы айрым жетекчилер, Думанын депутаттары, саясатчылар же болбосо эксперттик чөйрөдө жүргөндөр Борбор Азия менен Кавказдын айрым өлкөлөрүнө, айрыкча Казакстанга, Өзбекстанга жана соңку мезгилде Азербайжанга карата коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрү менен байма-бай чыгып келгени белгилүү.

Алардын айрымдарына карата Казакстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтери мындай сөздөрдү эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, жооп кайтарган учурлары болгон.

Ал эми Кыргызстанда орусча жер-суу аталыштарын которуу демилгесин орусиялык бир нече саясатчы дароо сынга алган. Орусиянын Думасында Кыргызстандагы көтөрүлгөн тил маселесине айрыкча орусча же советтик эски аталыштарды өзгөртүү демилгесине өзгөчө сезимтал мамиле жасалып, кыргыз бийлигин Украинанын жолун кайталабоого чакырык ташталган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева орус саясатчыларына Кыргызстандагы жер-суу аттарын алмаштыруу демилгесин улутчулдук катары карабоого чакырып, советтик же башка эски аталыштар тарыхый маанисин жоготкон учурда алардын аттарын өзгөртүү демлигеси Орусиянын өзүндө деле жүргөнүн мисал келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG