Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Бишкек Бээжинден келишимдерди ишке ашырууну жандантууну өтүндү


Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 7-февралда Кытайдын Кыргызстандыгы элчиси Ду Дэвен менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Төрөбаев "коронавирус пандемиясынын айынан убактылуу токтоп турган эки тараптуу келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жандантууну" өтүндү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздмелерин ушул жылдын июнь айына чейин бүтүрүү зарылдыгын айтты.

"Өзгөчө Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин 2019-жылы Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумдун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар боюнча ишти кайра баштоону сунуштайм. Ошондой эле, гранттык долбоорлордун негизинде “Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Быйыл жазда куруу иштерин баштоону өтүнөбүз. "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттерин толук иштеши өз ара сооданы жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат", - деген Төрөбаев.

Бул форумда жалпысынан 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.

Элчи Ду Дэвен өз кезегинде “Кытай Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өз рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу Бээжин кыргыз экспортчуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр”, - деп билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 миллиард 678 миллион долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 миллион, ал эми импорт – 3 миллиард 626 миллионго жеткен.

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 миллион доллардан ашуун түз инвестиция келген. Былтыр тогуз айдын аралыгында 219 миллион 701 миң долларды түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG