Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Текебаев: былтыр 382 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 8,7 млрд. сом короду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 7-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жол тармагы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, былтыр жол курууга 8,7 миллиарддан ашык сом жумшалганын билдирди.

"Анын ичинде бюджеттик жолдорду кармоого 2,8 миллиарддан ашык сом, капиталдык салымдардын эсебинен жолдорду курууга 5,2 миллиарддан көп сом бөлүндү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Бул каражатка жалпысынан 382,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Мындан сырткары инвестициялык долбоорлордун алкагында 106 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Азыркы учурда биринчи жолу респубилкалык бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол машине жолун куруу иштери жүрүп жатат",-деди министр Текебаев,

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган. Жогорку Кеңеште буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын тууралуу сын-доомат айтылган.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG