Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 47,1 миллион доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк жыл башынан бери экинчи жолу интервенция жасап, дагы 47,1 миллион доллар сатты. Бул маалыматты аталган банк расмий сайтына жарыялады.

Улуттук банк 10-январда 2023-жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарган жана бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция болуп калган. Анын алдында, 20-декабрда 87,5 млн. долларды сатыкка чыгарган.

Бул банктын өкүлү Аида Карабаева алдын ала эсепке ылайык, былтыркы интервенциялардан 9 миллиард сом киреше табылганын билдирген.

Ал банк интервенцияны пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн жасай турганын, түшкөн кирешенин так суммасы тышкы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун айткан.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Ушул тапта Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн. доллар бар жана анын анын 40% накталай.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG