Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

АРИС "Клооп" басылмасына каршы арызын кайтарып алды


Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) “Клооп" басылмасына каршы арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган басылма 6-январда сайтына жазды. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басылмага жолдогон катында АРИС 2-февралда жазган арызынан баш тартканы белгиленген.

Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

"Клооп" (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда "жалган маалымат" берилгени белгиленген.

"Kлооп" бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG