Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ош аэропорту: майып жарандын арызынан улам комиссия түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев Ош аба майданында майыптыгы бар Баястан Абдыкадыровдун окуясына байланыштуу комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ал 6-январда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып, бул аэропортко майып адамдар үчүн шарт түзүү тууралуу эскертүү берилгенин, Абдыкадыровдун арызын атайын комиссия иликтеп жатканын айтты.

Буга чейин Ош облусунун тургуну Баястан Абдыкадыров Ош эл аралык аэропорту менен 2022-жылдын октябрь айынан бери соттошуп жатканы белгилүү болгон. Анын адвокаты Максатбек Жорокулов "Азаттыкка" аба майданда майып адамдар үчүн шарт жоктугун, кызматкерлер аларга орой мамиле жасаганын билдирген.

"Баястан биринчи топтогу майыптыгы бар жараныбыз. Ал ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги ооруканаларга көрүнүү үчүн тез-тез учушу керек. Бирок Ош аэропортунда майыптыгы барларды көтөрүп, учуу тилкесине жеткирген амбулифт, пандустар жок. Аэропорттун кызматкерлери коляскасы менен көтөрүп жеткиришет. Алар "сени көтөрүп белибиз ооруду" деген сыяктуу кемсинткен сөздөрдү айткандыктан, Баястан шаардык сотко укугун коргоо максатында кайрылды. Сот биздин арызды улам карабай, артка кайтарып жатып, октябрда биринчи отурум болду. Экинчи отурум 31-январда болуп, кошумча документтер талап кылынгандыктан, сот отуруму дагы жылды", - деген адвокат.

Жорокуловдун айтымында, арабада отурган майыптыгы бар адамдарды учуу тилкесине жеткирген амбулифт Бишкектеги "Манас" аба майданында эле бар.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу конвенциясын 2019-жылы март айында ратификация кылган. Ага ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо инклюзиялык шарттарды түзүү керек. Эксперттер Кыргызстан бул шарттарды аткара албай жатканын айтып келет.

2022-жылдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда 196 миңден ашуун адам майыптыгы бар деп катталган, анын ичинен 30 миңден ашууну жашы 18ге толо электер.

XS
SM
MD
LG