Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

ЖК: тармактык комитет жер сатууга жазаны күчөтүү долбоорун карады


Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштыруу жараяны жүрүп жатат. Иллюстрациялык сүрөт.
Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштыруу жараяны жүрүп жатат. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 6-февралдагы жыйынында жерди мыйзамсыз саткандарга жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорду карап, биринчи окууда жактырды. Документте Кылмыш-жаза кодекси менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков долбоор тууралуу баяндама жасап жатып, анда жер саткандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркинен көп убакытка ажыратуу жазылганын айтты. Документ негизинен жер сатуунун кыныгын алган уюшкан топторду тыюуга багытталганын билдирди.

"Бул жерде "жер мафиясы" деп да белгилеп кетсек болот. Бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка уюмдар кошулган атайын топтор өз максаттарына жетиш үчүн жердин категориясын бузуп, ал жерлерге турак жайларды куруп, мамлекетти мунапыс берүүгө аргасыз кылышкан",-деди Сыдыков.

Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс берилүүдө.

Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы маалымдалган.

Мындан тышкары Кыргызстанда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG