Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф көз жумду


Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф.
Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф.

Пакистандын төңкөрүш аркылуу бийликке келген мурдагы президенти Первез Мушарраф 79 жашында көз жумду. Пакистандын армиясы Мушарраф Дубайда узакка созулган оорудан улам каза болгонун жекшемби күнү билдирди.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Мушаррафтын сөөгү Бириккен Араб Эмираттарынан Пакистанга атайын учак менен жеткирилет.

Былтыр жайында Мушарраф амилоидозго каршы Дубай ооруканасында дарыланып жатканы белгилүү болгон.

Первез Мушарраф 1999-жылы кан төгүүсүз ишке ашырылган төңкөрүштөн кийин бийликке келген. Бул төңкөрүш ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифтин кызматтан кетишине жол ачкан.

Мушарраф 2001-жылдан 2008-жылга чейин президенттик кызматты ээлеген. 2007-жылдын ноябрында баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Импичмент коркунучуна кабылганда 2008-жылдын жайында Конституцияны калыбына келтирген.

2013-жылы Мушаррафка "чыккынчылык кылды" деген айып тагылып, сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Бирок бир айга жетпей бул чечим жокко чыгарылган.

2016-жылы ага дарылануу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына кетүүгө уруксат берилген. Мушарраф 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон террордук чабуулдардан кийин АКШнын Ооганстандагы согушун Пакистандын оппозициясынын каршылыгына карабай колдоп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG