Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Мушаррафты кескен судья сынга кабылды


Мушаррафтын колдоочулары. Карачи, 18-декабрь 2019-жыл.
Мушаррафтын колдоочулары. Карачи, 18-декабрь 2019-жыл.

Пакистан өкмөтү мурдагы президент Первез Мушаррафты өлүмгө өкүм кылган соттук коллегиянын жетекчисин кызматынан алдырууну көздөп жатат.

19-декабрда юстиция министри Фарог Насим "Пешавардын Жогорку сотунун төрагасы Вакар Ахмед Сетх соттордун жүрүм-турум этикасын бузган, мындан ары Жогорку сотто судья болууга укугу жок" деп билдирди.

Мурдагы аскердик жетекчи Первез Мушаррафка өкүм чыгарып жаткан кезде судья "ал колго түшүрүлгүчө көз жумса, сөөгүн үч күнгө калың эл көргүдөй кылып коомдук жерге асып коюш керек" деп айткан.

Насим Исламабаддагы пресс-конференцияда белгилегендей, Жогорку сот коомдук жерге дарга асуу Конституцияга жана исламга каршы келерин буга чейин эле аныктаган.

17-декабрда үч судьядан турган атайын сот Мушарраф 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу жана өзгөчө кырдаал киргизүү менен мыйзам бузган деп таап, мурдагы аскердик жетекчини өлүм жазасына өкүм кылган.

Ошол эле күнү Пакистан бийлиги айыпталуучуга “адилеттүү сот укугу берилген эмес" деп өкүмгө каршы чыкты. Башкы прокурор Анвар Мансур Хан "өкмөт кайсы бир конкреттүү адамды эмес, мыйзамды коргойт" деп белгиледи.

Пакистанды 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган Мушарраф азыр Дубайда бозгунда жашайт. Мындан 20 жыл мурда генерал ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен төңкөргөн.

Кутум кан төгүүсүз ишке ашырылган. 2001-жылдан 2008-жылга чейин президенттик кызматты ээлеген. 2007-жылдын ноябрында баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Импичмент коркунучуна кабылганда 2008-жылдын жайында Конституцияны калыбына келтирген.

Мушарраф Дубаидеги ооруканада. 18-декабрь 2019-жыл
Мушарраф Дубаидеги ооруканада. 18-декабрь 2019-жыл

Мушаррафка каршы айып 2013-жылы тагылган. 2016-жылы ага дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилген.

Экс-президент өлкөнүн аскердик жетекчилеринин арасынан биринчи болуп сот жообуна тартылууда.

- Бул Пакистан тарыхындагы уникалдуу чечим. Биринчи жолу сот Конституцияга жана мыйзамга таянып аскердик диктаторду жазалады. Бул чечим кечигип чыкты десек болот, Конституция өлкө тарыхында кеминде төрт-беш жолу бузулган, - деген өкүм чыккандан кийин Жогорку соттун адвокаты Хамид Али Хан.

Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Омар Варайх Пакистандагы “кубаттуу генералдардын жазасыз калып жаткан доорунун аякташын” кубаттады.

Ал эми куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү сотто укуктук процедуралар бузулганын айтып, Мушаррафтын патриотизмин белгилеп келишет. Армиянын басма сөз катчысы, генерал-майор Асиф Гафур бейшембиде өкүм "адамгерчиликке, динге, цивилизацияга жана баалуулуктарга” каршы келерин билдирген.

Пакистандын Адвокаттар кеңеши өкмөттүн жана аскерлердин өкүмгө реакциясын айыптап, алар "сот тармагына кийлигишүү аракетин көрүп жатышат" деп сындады.

Дубайдагы ооруканадан тартылган видеодо Мушарраф бул ишти “жеке өч алуу” деп баалады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG