Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Мушарраф өлүм жазасына өкүм кылынды


Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф. 16-апрель, 2013-жыл.
Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф. 16-апрель, 2013-жыл.

Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафты мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, өлүм жазасына өкүм кылды. Сот өлкөнүн мурдагы аскер жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты.

Соттун чечими чыккандан кийин Пакистан мусулман лигасынын ондогон мүчөлөрү Карачи шаарынын көчөлөрүнө нааразылык билдирип чыгышты. Алар аталган кыймылдын түптөөчүсү Первез Мушаррафты колдогон ураандарды чакырышып, соттун чечими адилетсиз болгонун айтышты.

Исламабаддагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Первез Мушараффтын адвокаты Ахтар Шах өлкөнүн башында дээрлик он жыл турган генералдын иши жетиштүү териштирилбегенин билдирди.

- Генерал Первез Мушарраф бул өлкөдө болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жеткен, Пакистанды көтөргөн. Бул аларга жакпай калды, анткени ал ушундай таза, чынчыл адам болчу жана ошондой бойдон кала берет. Ал пакистандыктарды, Пакистанды жакшы көрөт.

Первез Мушаррафтын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты. 17-декабрь, 2019-жыл.
Первез Мушаррафтын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты. 17-декабрь, 2019-жыл.

2013-жылы козголгон кылмыш иши боюнча өкүмдү үч судьядан турган атайын коллегия чыгарды. Алардын экөө өлүм жазасы үчүн добуш беришти.

Мындан 20 жыл мурун генерал Первез Мушарраф ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен кулаткан. Кутум кан төгүүсүз ишке ашырылган. Андан соң 2001-жылдан 2008-жылга чейин өлкөнүн президенти болуп турган. Ал 2007-жылдын ноябрында бийликте калуу максатында Баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Бирок импичмент коркунучуна кабылганда, 2008-жылдын жайында Конституцияны калыбына келтирген. Сот мурдагы аскердик жетекчиси мына ошондо Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты.

Жогорку соттун өкүлү Хамид Али Хан муну эң туура чечим деп эсептейт. "Бул Пакистан тарыхында аскердик диктатор алгачкы жолу мыйзам боюнча кесилген уникалдуу чечим болуп калды",-деди ал.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши Наваз Шариф кайра бийликке келгенде козголгон. Учурда 76 жаштагы Мушарраф Дубайда бозгунда жүрөт. Ага чет жакка дарыланууга чыгууга 2016-жылы уруксат берилген. Экс-президент өзү декабрда ооруканада жатканда видеокайрылуу жасап, ага козголгон кылмыш ишти негизсиз деп атаган.

Эл аралык мунапыс уюмунун Түштүк Азия боюнча жетекчи орун басары Омар Вараич Пакистанда таасирдүү генералдар жазага тартылбай келген доордун аякташын кубаттады. Ошол эле учурда ал Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюм өлүм жазасына каршы экенин билдирип, мындай өкүмдү “катаал, адамгерчиликсиз” деп атады. Ал эми Пакистандын маалымат министри Фирдус Ашик Аван премьер-министр Имран Хандын өкмөтү өкүм менен толук таанышкандан кийин билдирүү жасарын кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG