Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Пакистанда Мушарраф камалды


Соттун чечиминен кийин, 17.04.2013
Соттун чечиминен кийин, 17.04.2013

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф Жогорку Сотко кайрылып, аны күрөөгө бошотууну сурайт. Бул жөнүндө 69 жаштагы отставкадагы генералдын жардамчысы Мухаммед Амжад билдирди. Бүгүн Пакистандын Жогорку Соту Мушаррафты камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун чечими жарыяланган учурда Мушарраф сот залында болчу. Полиция аны камакка алмакчы болгондо, жан сакчылары моюн сунбай, чыгарып кеткенге үлгүргөн. Жума күнү полиция экс-президентти Исламабаддын четиндеги катуу күзөтүлгөн үйүнөн камакка алды.

Жардамчысы Мохаммад Амжад күрөөгө бошотуу арызы бейшембиде берилээрин маалымдаган:

- Биз эч нерседен коркпойбуз жана окуялардын ар кандай өнүгүшүнө даяр турабыз. Жогорку Сот күрөөгө кое берүү уруксатын бербесе жана Исламабад полициясы аны камакка алууга аракеттенсе, ал баш ийет.

Мушарраф 1999-2008-жылдары бийликте турган кезинде Конституцияны убактылуу күчүнөн кетирип, бир нече судьяны, анын ичинде Жогорку Соттун төрагасын кызматтарынан алгандыгы үчүн "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп күнөөлөнүүдө.

Мохаммад Амжад генералдын кеңешчилери, адвокаттары азыр иштин укуктук жактарын карап, келечек саясий стратегиянын үстүнөн иштеп жатышат дейт:

- Азыр бүгүнкү күндүн окуяларын талкуулап жатабыз. Алдыңкы сааттардын, алдыңкы күндөрдүн планын караштыруудабыз. Болочок стратегиябызды шардана кылабыз. Кайрылуубузду элге маалымат каражаттары аркылуу жеткиребиз.

Аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Мушарраф мекенине кайткандан бери улам бир сот ишине туш болууда.

Сотторду кызматтан алуудан тышкары ал ошондой эле 2007-жылы мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону жана 2006-жылы белужи козголоңчуларынын лидерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталууда. Акыркы эки иш боюнча Пакистанга кайтаар алдында күрөө төлөп, абакка отурбоо жөнүндө кепилдик алган.

Экс-президент төрт жыл бою өз каалоосу менен Лондон жана Дубайда бозгунда жашап, 11-майдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында өткөн айда кайтып келген.

Бирок апта башында ага алыскы Читрал чөлкөмүнөн талапкерлигин коюуга тыюу салынды. Ага чейин болсо шайлоо боюнча соттор Мушарраф өзү тандаган дагы эки жерден ат салыша албайт деген чечимдерин чыгарышкан. Жүйө катары ага каршы козголгон сот иштери айтылган.

XS
SM
MD
LG