Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Талибдер секулярист талапкерлердин үшүн алды


Шайлоо өнөктүгүнө даярдалган желектер. Карачи, 16-апрель.
Шайлоо өнөктүгүнө даярдалган желектер. Карачи, 16-апрель.

Быйыл майда Пакистанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоону утурлай "Талибандын" секулярист саясатчыларды коркутуусу натыйжа бере баштагандай. Анткени секулярист саясатчылардын көбү өнөктүктү ачык эле токтотушуп, өкмөттү аларды коргоого чакырышууда.

Пакистандын болочок багытын аныктоочу жана 11-майга мерчемделген шайлоо алдында парламентке аттангандарды бутага алган, саясий өңүтү бар чабуулдар көбөйгөндөй.

16-апрелде өлкөнүн түштүк-батышындагы Балучистан провинциясында Пакистан Мусулман лигасы оппозициячыл партиясынын шайлоо кербенинин жолунда бомба жарылганда, төрт адам өлүп, 20дан ашууну жаракат алды. Мунун алдында 11-апрелде түштүктөгү Хайдерабад шаарында секулярдык нуктагы "Муттахида Ками" кыймылынын бир талапкери киши колдуу болгон.

Аталган кыймыл менен катар Пакистан Элдик партиясы да өлкө түштүгүндө шайлоо өнөктүгүн кеңири масштабда уюштуруудан карманууда.

Түштүк аймактагы буга чейинки кол салуулардын көпчүлүгү үчүн "Техрик-е-Талибан" тобу жоопкерчилик алган.

Өмүрүнөн кооптонгон секулярист талапкерлер Хайбер Пахтунхва, Балучистан провинцияларында ошондой эле уруулар жашаган аймактарда, Карачиде үймө-үй кыдырган өнөктүктү токтотушкан.

БШКнын өкүлү Хуршид Алам шайлоо алдындагы коопсуздук жагдайы оор экенин моюнга алат:

- Пакистандагы жалпы кырдаалды эске алганда, коркутуулар жана кооптонуулар арбын. Күтүүсүз инциденттерди алдын алуу жана жол бербөө үчүн коопсуздук күчтөрүн, полицияны, элдик кошуундарды мүмкүн болушунча санда жайгаштыруу менен колдон келгендин баарын жасоодобуз.

Негизи бул шайлоодо парламенттеги көпчүлүк үчүн акыркы кездери алсырай түшкөн секулярдык партиялар кубаты артып бараткан эскичилдер жана динчил талапкерлер менен күрөшүүдө.

Бирок секуляристтер алардын шайлоочуларга жетүүсүнө жолтоо кылган кыянатчылыктар соңку кездери ийгилик таба баштаганын, бул акыры келип, бийлик колдон чыгышына алып барышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Мына ошондой коңгуроо каккандардын башкысы - "Авами" улуттук партиясы. Бул секулярдык партиянын өлкөнүн тынч эмес түндүк-батышындагы пуштундар арасында көптөгөн таламдаштары бар.

Акыркы эки аптада эле Хайбер Пахтунхва провинциясында партиянын кеминде төрт талапкери жаракат алса, жоон топ жактоочуларынын өмүрү кыйылды. Бомба чабуулдар үчүн кайра эле "Талибан" жоопкерчилик алды.

Лахордогу шайлоо өнөктүгү. 15-апрель, 2013 -жыл.
Лахордогу шайлоо өнөктүгү. 15-апрель, 2013 -жыл.
Өзү аталган партия 2008-жылы азыркы коалициялык өкмөткө кошулуп, бийликке аралашкандан бери 700дөй мүчөсү киши колдуу болгон.

Партиянын Хайбер Пахтунхва провинциясындагы төрагасы Афрасиаб Хаттак журналисттер менен маегинде:

- Антидемократияга каршы күчтөр "Авами" партиясынын айныксыз ийгилигинен кооптонушуп, биздин өнөктүктү кыянатчылык аркылуу токтотууну чечишкендей. Алардын максаты - жактоочуларыбыздын канын төгүү менен адамдарды коркутуу. Муну менен алар шайлоону уурдап, калктын нукура тандоосун жээрип, өзүдөрүн эркин таңуулоону көздөп жатышат. Бул алардын программасы.

"Авами" улуттук партиясы шайлоо өнөктүгү учурундагы коопсуздукту камсыздап берүүсүн өтүнүп, өкмөткө, БШКга кайрылган. Премьер-министр Мир Назар Хан Хосо күч түзүмдөрүнө парламентке талапкерлердин баары үчүн коопсуздукту күчөтүүнү тапшырган. Бирок "Авами" партиясы алардын өтүнүчүнө өкмөттөн тикелей жооп болбогонун айтууда.

Исламабаддык саясий талдоочу Хадим Хуссаин Пакистандагы демократиянын келечеги чоң тобокел астында турганын жокко чыгарбайт:

- Эгер сиз кыйроого жол бербөөнү көздөсөңүз, алга жылуунун жалгыз жолу - бардык партиялардын эл менен кездешүүсүнө бирдей шарт түзүү. Адамдарга өз өкүлдөрүн эркин тандоо мүмкүнчүлүгү берилип, алардын чечими кабыл алынышы абзел.

Пакистандын көпчүлүк эркин жана адилет болот деп үмүт арткан азыркы шайлоосу өлкөнүн жаңы тарыхында биринчи ирет өз мөөнөтүндө, өкмөт беш жылдык бийлик мөөнөтүн аркалаган соң өтүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG