Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Журналисттин өлүмүнө шектелген блогер Жолболдуева жарым-жартылай акталды


Батмакан Жолболдуева
Батмакан Жолболдуева

Баткен райондук соту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналган блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине байланыштуу чечим чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Жолболдуеванын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” 5-февралда ырастады.

Анын айтымында, Жолболдуева “этиятсыздык менен өлүмгө алып келүү” боюнча коюлган айып менен акталды. Иштин алкагындагы калган үч эпизод боюнча күнөлүү деп табылып, эки жыл пробациялык көзөмөлгө алынды жана эки жыл блогерлик ишмердигине тыюу салынды. Айыпталуучу тарап жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылганы турат.

Чечим 3-февралда чыккан. Жергиликтүү соттун маалымат кызматы чечим чыкканын ырастап, толук кабар кийинчерээк таратыларын билдирди.

Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Баткен облусунда иштеген 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган. Маркумдун жакындары блогерге доосу жок экенин билдирип, журналисттин өлүмүнө башка кишилерди шек санай турганын айтышкан.

YouTube порталында 49 миңден ашуун катталуучусу бар “Батма-бат” каналынын автору Батмакан Жолболдуева аталган облустагы ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG