Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго "Даңк" ордени берилди


Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековго Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Даңк" орденин тапшырып жаткан учуру. Бишкек. 4-февраль, 2023-жыл.
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековго Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Даңк" орденин тапшырып жаткан учуру. Бишкек. 4-февраль, 2023-жыл.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана бир катар спорт ишмерлерине президенттин атынан мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи 4-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго "Даңк" ордени ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Бээжин олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиевге да ыйгарылды.

Акжол Махмудов сыйлык алып жатат.
Акжол Махмудов сыйлык алып жатат.

"Даңк" медалы эркин күрөшчү Эрназар Ахматалиевге, самбочулар Дайырбек Карыяевге, Бекболот Токтогоновго, Артур Сансызбековго, машыктыруучулар Руслан Мажиновго, Хаким Махмудовго, Сүймөнкул Таабалды уулуна, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенттери Ахрор Иминов менен Динара Исаевага тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамдары менен Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Жунусовго, Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу жана улук машыктыруучусу Азат Эркинбаев менен Улукбек Карачолоков сыйланды.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы бир катар спортчулар, спорт ишмерлерине берилди. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG