Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

"Жоламан үчүн ата конуштан жер которгонбуз". Дүйнө чемпиону жеткен ийгилик


Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 60 килограмм салмакта финалдык таймаштан кийин. 13-сентябрь, 2022-жыл. Белград, Сербия.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 60 килограмм салмакта финалдык таймаштан кийин. 13-сентябрь, 2022-жыл. Белград, Сербия.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан мелдеште грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда Шаршенбеков болгариялык Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңди.

Чечүүчү таймаштан кийин Шаршенбеков КТРК Спорт телеканалына курган маегинде:

"Мен үчүн Дүйнө чемпионатында алтын байге алыш оңой болгон жок. Эки жолу экинчи орун болуп калдым. Алтын байгеге жол аябай узак болду. Бирок максатыма жеттим, кудайга миң мертебе шүгүр. Акжол чемпион болуп, мага дем берди. Акжолдой болуп мен да Кыргызстандын желегин желбиретсем деген үмүт менин жүрөгүмдө от болуп жалындады", - деген пикирин айтты.

Жоламан Шаршенбеков бул чемпионатта бардык атаандаштарын чоң айырма менен утту. Атап айтсак, 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0), жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 менен жеңди.

23 жаштагы Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында ушуну менен үчүнчү жолу күрөштү. Ал буга чейин эки жолу Дүйнө чемпионатында (2018, 2021-жылдар) күмүш байге алган.

Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).

Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017-жыл) 2-орунду ээлеген.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов Жоламан мындай ийгиликтерге өжөрлүгү менен жеткенин айтты.

"Жоламан 10 жашында күрөш менен машыга баштаган. Жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов жакшы тарбия берип, жакшы үйрөтүп, ушундай ийгиликтерге жетишип жатат. Буга чейин эки жолу Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп күмүш алды. Эми финалга чыгып, алтын байге алып жатат. Мындай ийгиликке ээ болууга Жоламандын тажрыйбасы, өжөрлүгү жана жогорку деңгээлдеги машыгуусу жардам берди деп ойлойм”.

"Жоламан ишеничибизди актады"

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында төрөлгөн. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкекте турат. Жоламандын агасы Тынарбек дагы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. 63 килограмм салмакта Азиянын чемпиону. Бир катар мелдештерде байге алган.

Тынар менен Жоламандын күрөш менен машыгып калышына алардын атасы Назарбек Рысалиев себепкер болгон.

"Экөөнү күрөшкө алып келгенимдин себеби менин күрөшкө кызыкканыма байланыштуу. Бала чагымда күрөшкө абдан кызыкчумун. Айылда машыга турган эч нерсе жок эле. Кошуна жайгашкан Покровка деген айылга барып машыгып жүрчү элем. Ал зал бир ачылып, бир жабыла берип максаттарга жетпей калганбыз. Өзүм кийин айылдагы балдарды бир аз машыктырып жүрдүм. Балалуу болгондо өзүм күрөшпөй калсам да балдарым күрөшүп, ийгиликке жетсин деп тилек кылгам. Кудайдан болуп, балдарым да күрөшкө шыктуу болуп машыгып калышты.

Жоламан 3-класста, Тынар 6-класста окуган кезде Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы Хаким Махмудовдун кол алдында машыга башташты. Жоламан алгач жөн эле машыгып жүрүп, Чыгыш-5 кичи районундагы спорт залда мелдеш болуп калганда ага катышып калды. Өзүм билген ыкмаларды ага көрсөтүп үйрөтүп, ал мелдеште 3-орунду ээледи. Ошондо машыктыруучу Хаким Махмудов Жоламандын күрөшкө шыктуу экенин байкап, машыгууга келсин деп сунуштаган. Балдарым күрөштөн максаттарына жетсин деп Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылынан атайын Бишкекке да көчүп келгенбиз. Айылда өзүңөр билгендей жакшы шарт жок да. Балдарга машыгууга жакшы шарт түзөлү деп Бишкекте иштеп, ушундай келечек түзүп берүүгө аракет кылдык. Кудай буюрса, агасы Тынар экөө эл аралык мелдештерге чогуу барып, байгелерге ээ болуп жүрүшөт. Өзүм Бишкекте жеке чарба иштери менен алекмин. Апасы Бишкектеги №5 мектеп гимназиясында математика сабагынан мугалим. Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү. Бишкектеги №5 мектепте окуп, Дене тарбия академиясын аяктады. Алдыда дагы спортту таштабай, максаттарына жетүүгө аракет кылам деп жүрөт. Негизги максаты - Олимпиадада байге алуу", - деди чемпиондун атасы Назарбек Рысалиев.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында үч медал алды. 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болду.

12-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло медал тагынды.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов Амантур Исмаилов тууралуу буларды билдирди:

"Амантур дагы 9-10 жашында күрөшкө келген. Ал дагы мыкты балбандардын бири. Буга чейин Амантур Азия чемпионатында, Азия оюндарында, Ислам шериктештиги оюндарында байгелердин ээси болгон. Бул дүйнө чемпионатында жеңишке толук түрдө арзыды десек болот. Анын таймашы келечекте Дүйнөлүк күрөш уюмунун тарыхына кирет. Алгач Жалал-Абадда Чыңгыз деген машыктыруучунун колунда машыккан. 7-классты аяктаганда Бишкектеги спорт интернатында окуган. Дастан агайдын шакирти болгон", - деди Иминов.

24 жаштагы Амантур Исмаилов Азия оюндарынын (2018-жыл) жана Азия чемпионатынын (2021-жыл) коло байгесинин ээси. Быйыл август айында Түркиянын Конья шаарында өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медал тагынган.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда башталган. Ага Кыргызстандан 15 балбан катышып жатат. 13-сентябрда грек-рим күрөшүнөн мелдештер жыйынтыкталды. Кыргызстандын командасы эки алтын, бир коло байге менен 50дөн ашык мамлекеттин арасынан 5-орунду алды.

"Биз жалпы командалык эсепте 5-орунду ээледик. Бул биз үчүн да чоң тарых. Бул көрсөткүч менен жыл аягында боло турган Дүйнө кубогуна командалык жолдомо алдык. Эми бул беттешке даярданабыз. Акжол менен Жоламандын жеңиши баарыбызды кубантып жатат. Мындай жыйынтыкка талыкпай эмгектенип жетттик деп айта алам", - деди Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов балбандардын дүйнө чемпионатындагы ийгилигин жалпы командалык иштин натыйжасы экенин белгиледи.

Кыргызстандын улуттук курамасы ар бир өтүп жаткан турнирлерде лидерлердин катарын толуктап жатат. Дүйнө чемпионатынын бир да медал албай калган күндөр болгон. Дүйнө чемпионатынан үч медал алып жатканы бул жалпы күрөш федерациясынын эмгеги. Мындан да мыкты жыйынтыктар болооруна ишенем”.

Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Канат Шабданбаев күрөш боюнча Сербияда өткөн Дүйнө чемпионаты кыргыз спортундагы жаңы баракты ачканына токтолду:

"Буга чейин эркектер арасында эч ким Дүйнө чемпиону боло элек болчу. Алгачкы алтынды алган Акжол, анын катарынан дагы чемпион болгон Жоламан, коло байге алган Амантурдун ийгилигинин орду чоң. Буга чейин жаралбаган ийгилик жаралды. Бул Дүйнө чемпионатына жалпы 15 спортчу барган. Грек-рим күрөшүнөн алты, эркин күрөштөн алты жана кыз-келиндер күрөшүнөн үч кыз Дүйнө чемпионатына кетишкен. Эртең алгачкыларын тосуп алабыз. Дүйнө чемпионатынын байге ээлерине белектер даярдалып жатат. Буга чейин мындай жыйынтык болбогондуктан мындай белектер да берилген эмес. Бардык спортчулардын таймаштары жыйынтыкталып, бардыгы Кыргызстанга келгенден кийин дагы мамлекет тарабынан да сыйлыктар бар".

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов. 11-сентябрь, Белград, Сербия.
Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов. 11-сентябрь, Белград, Сербия.

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медал жана Амантур Исмаилов коло байге алганга чейин Кыргызстандын эгемен тарыхында жалпы беш байге бар болчу (үч күмүш жана эки коло). Күрөштүн бул түрүнөн 2006-жылы Канатбек Бегалиев менен 2018, 2021-жылдары Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алган. Ал эми коло байгелерге 1999-жылы Раатбек Санатбаев менен 2010-жылы Данияр Көбөнөв ээ болгон.

Балбандар дүйнөлүк мелдеште ийгиликке жеткен чакта алар үчүн мамлекеттик машыгуу залдын жоктугу кайрадан күн тартибине чыккан маселеге айланды. Буга чейин бир катар спорт адистери улуттук курама команда үчүн машыгуу залдарын куруу зарылдыгын байма-бай көтөрүп келишкен. Алардын айрымдарынын пикирин "Азаттык" радиосу да чагылдырган. Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Канат Шабданбаев маселени чечүү үчүн сунуштар даярдалып жатканына токтолду:

“Эгемендүүлүк жылдарында спортчулар үчүн мамлекет тарабынан база салынган эмес. Өзүңүздөр билесиздер, “Газпром” салган, жеке менчик залдар бар. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн мамлекет тарабынан курулуп жаткан биринчи залыбыз кудай буюрса, октябрь айында бүткөрүлүп, курама командага тапшырылат. Ошондой эле грек-рим күрөшү, эркин күрөшкө дагы зал курууга өтүнүчтөрдү, сунуштарды беребиз. Ийгилик жаратып жаткандан кийин аларга дагы бардык шарттар менен жаңы зал салган туура болот. Азыр алар жеке менчик залда машыгып, даярданып жүрүшөт. Машыгуу залынын долбоору даяр. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командага салынып жаткандагыдай окуу-машыгуу менен кошо ошол жакта жашап, толук кандуу даярданганга ылайыктуу дагы эки зал салынып, ар бир спорттун жетишкендигине, ийгилигине жараша көңүл бурулса туура болмок деп ойлойм”.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Алдыда эркин күрөштөн таймаштар бар. Кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештерде Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг.) коло байге үчүн таймашта украиналык Илона Пркопевнюкка бир упайдын айырмасында жеңилди (7:8). Ал эми Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова (68 кг.) менен Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы (76 кг.) алгачкы беттештеринде атаандаштарына утулуп, мелдештен четтеп калды.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG