Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Пакистандын полициясы жергиликтүү талибдердин эки командирин жок кылды


Пакистандын коопсуздук күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын полициясы өлкөнүн түндүк-батышында жергиликтүү талибдердин эки командирин жок кылды. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги полициянын өкүлү Мухаммад Али Гандапурга таянуу менен кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жок кылынгандар буга чейин полиция кызматкерлеринин өлүмү үчүн издөөдө жүргөн, чек ара пункттарына чабуул жасоого айыпталышкан. Өкмөт алардын ар биринин башына 7 миң доллардан акча сайган.

Сваби районунун Хунд айылындагы соңку кармашта мындан сырткары төрт жоочу колго түшүп, алардын жанынан курал-жарак жана башка нерселер алынды.

Пакистанда тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму бийлик менен түзүлгөн ок атышпоо келишиминен чыкканын 28-ноябрда жарыялап, өз жоочуларына өлкөнүн бардык аймактарында чабуул жасоого буйрук берген. Пакистандык талибдер ошондон кийин бийлик өкүлдөрүнө, коопсуздук жана күч кызматкерлерине кол салууну уланта баштаган.

Быйыл 30-январда Пакистандын Пешавар шаарындагы полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуудан 90 киши мерт болгон. Бул акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG