Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

"Токтогулда" суунун көлөмү 9,2 миллиард кубдук чекке түштү


“Токтогул” гидроэлектр станциясындагы суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясындагы суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү ушул күндөрү 9,260 млрд. куб метрге чейин түштү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы индикатордон көрүнүп турат.

Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 300-400 миллион кубга көбүрөөк, бирок мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 1 млрд. кубга аздык кылат.

Мурдараак Энергетика министрлигинин жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдашкан. Мурдагы жылдары күнүмдүк керектөө 55-60 миллион киловатт саатты гана түзчү. Жогорку керектөө ушул кыштагы эң суук күндөргө туш келди. Натыйжада өлкөнүн эң чоң ГЭСинде сууну керектөө да көп болуп жатат.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд. куб метр суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Расмий маалыматтарга ылайык, аталган суу сактагычка 19,2-19,6 млрд. куб метрге чейин суу чогулат. 2007-2008-жылдары “Токтогулдагы” суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG